ائلچین ELÇİN

تورک دیلی و ادبیاتی

Чыңгыз Айтматов, Жамийла

+0 بگندیم

جمیله؛ چنگیز آیتماتوو  - قیرقیز تورکجه سینده

Жамийла

Чыңгыз Айтматов

     Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. Мына эртең да айылга жөнөймүн. Сүрөттү карап, мен андан жолума ак тилек бата алып жаткан өңдүү, аны көпкө көз айрыбай тиктейм. Ушул күнгө чейин бул сүрөттү эч бир көргөзмөлөргө да берген жокмун, ал тургай айылдан туугандарым келгенде, көздөн далдалап бекитип коём. Анча эле жашыргандай эмнеси бар, уяттуубу деп, кокус оюңарга кетип жүрбөсүн, - жок бул сүрөттүн эч кандай ыксыз жайы деле жок, же болбосо, ага "көз тийип кетет" дегендей ал бир ашкан укмуш да эмес. Биринчи көрүшкө жөнөкөй эле кадыресе сүрөт. Бетине тартылган жер кандай жөнөкөй болсо, сүрөт өзү дагы ошондой жөнөкөй. Сүрөттүн тээ ички тереңинде - күзгү асмандын ала-бүркөк чет жакасы. Шамал бирин-серин булуттарды бир жакка бет алдырып, алыста кылтыйган чокуларга жандатып, кыялата айдап бара жатат. Андан берки көрүнүштө - бозоргон сары талаа, кең өзөн. Чет-четтен чийлер ыкташып, жаан-чачындан кийин топурагы борпоң тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир-эки кадам шилтешсе, алкактын сыртына аттап, ушундан ары кетип калчудай сезилет. Айтмакчы, жолоочунун бири...

  Бирок мен шашпайын, сөз башынан болсун.Бул өзү кечээ эле бала чактагы окуя. Ата Мекендик Согуш үчүнчү жылга аяк басып, Курск менен Орелдун майданында күчөп турган кези. Анда биз, бир кур өспүрүм балдар, колхоздо араба айдап, суу сугарып, чөп чаап, айтор, - согушта салгылашып жаткан эр бүлөлөрдүн оор түйшүгү биздин мойнубузда калган.Өзгөчө эгин-жыйын келгенде аптасы менен үй бетин көрбөй, күн-түн кырманда, же болбосо эгин төгүп станцияда, жолдо бозуп жүрчүбүз. Мына ушинтип саратан талаа ороктун кызуусунан өрттөнүп турган күндөрдүн биринде, станцияга каттап жүрүп, көптөн бери үйдөгүлөрдү көрбөй, бара кетейин деп, жолдон салт арабамды кайрыдым. Биз башынан эки үй жанаша турабыз. Үч кез дубалы мыктап салынган, мечит жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу короолор ошол биздики. Мен чоң үйдүн баласымын. Агаларым согушка кетип кабар жок, - экөө тең үйлөнө элегинде кеткен. Карыган атам жыгач уста, колхоздун жүрүп турган ушул тактай араба, шады араба баарысы дээрлик ошол кишинин колунан чыгып турат, - таңдан намазын окуп устаканасына кетет да, күн бата келет. Үйдө апам менен карындашым бар.Берки кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. Жакын дегеним, ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар менен башынан малыбыз, жаныбыз бир. Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан экен, ошолордун салты менен биз дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн жокпуз. Колхоз уюшулганда аталарыбыз короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушуптур. Ал гана эмес, эки суунун ортосундагы биздин Арал көчө ылгый эле бир атанын балдары. Кийинчерээк берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калат. Илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коёлу деп, арбак, кудайга тууралап: менин атама никелештирип коюшат. Ал үй жонунан өзүнчө түтүн болуп салынып, мал оокаты, чарбагы бөлөк болгону менен, чынында биз барыбыз бир үй-бүлө болчубуз. Алардын да эки уулу аскерде. Улуусу - Садык жаңы эле келинчек алганда кетти. Фронттобуз деп анда-санда алардан кат келип турат. Кичи үйдө кичи апам менен эле анын келини калышты. Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. Кичи апам, - аны айылдагылар Иштерман деп коюшат, ээ бир дүйнөдө табылбаган карапайым, сонун киши да. Түк бир бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөйт. Анын келини Жамийла, кудай билип бергенби бейм, ал дагы жумушка кайраттуу, мыктыкелинчек, бирок мүнөзү башкачараак. Жамийла жеңемди мен да чын ниетимден жакшы көрчүмүн: бир жагы жеңем, бир жагы, - ал менден азыраак эле улуу, тең курбу сыяктуу эле. Ал дагы мени "кичине бала" - деп, инисиндей эркелетет. Ушинтип эки үйдүн тең тиричилиги өзүмдүн атам менен карындашымда. Карындашым анда секелек ойноок кыз, садагасы, анын ошондо апама жардамдашканын, мүнөзүнүн жайдарысын түк өмүр бою унутпасмын. Эки үйдүн тең козу-улагын жайган да ошол, тезек терип, отун алган да ошол, балдарынан кабар албаган апамдын кайгы-муңун алаксыткан да ошол. Бу биздин эки үйдүн ынтымагын, ырыс-берекесин сактаган апам,билерманы да апам, ал кишилердин арбагын сыйлап, сеники-меники дебей эки үйдү адилеттүү башкарып, айылдагы эски нускалуу, кадырман, байбичелердин бири. Бизге тийиштүү кандай гана иш болбосун апамдан чечилет. Атамды үй ээси экен деп эч кимиси кайрылчу да эмес. "Ой, устакеңе барбай эле кой, - ал дөңгөлөк, аспаптарынан башка эчтеке менен иши жок. Алардын эки үйүн тең билген байбичеси, ошого бар" - дешчү. Дагы да андай-мындай иштерге, жаштыгыма карабай, мен кийлигишип кетчүмүн. Анткени, агалар аскерге кетип, эки үйдүн жигити деп бел байлап коюшканына корсоюп, мен өзүмдү кандайдыр жоопкерчиликтүү сезем. Апама болсо менин андайым жагат, - бышык болсун, тыкан болсун, атасынча жыгач чапкандан башканы билбей, тиричилик аласа-бересеге көнсүн дейт. Мен арабамды чарбактын четине, көлөкөгө айдап келсем, биздин бригадир Орозмат, балдагын канжыгасына байланып алып, короонун оозунда апам менен эмнегедир кежеңдешип айтышып жатыптыр. Жакындай келгенимде апамдын үнү угулду:

- Барбайт андайыңарга! Кудайды карап иш кылсаңарчы: аял деген качан эле араба айдачу эле? Кой, айланайын, келинимди ошол орогуна эле тим койгула. Ансыз да жалгыз бойлуктун азабын тартып, эки үйдүн тең түйшүгү өйдө каратпайт! Бир базардан бери белиме жел туруп тиги жүгөрүлөрдүн түптөрү үйүлбөй жатат! - деп, заңкайта орогон элечектин ээк алгычын апам адатынча кайра-кайра жакасына кыстай, булкулдап жаткан экен.Орозмат ээрде чалкалай берип, аргасы түгөнгөн кишиче онтоду:

- О, кокуй-ой, жарыктык, менин төрт мүчөлүм соо болуп, өзүм эле баягыдай каптарды арабага ыргытып-ыргытып жиберип, шакылдата айдап кетпейт белем! Лаажы жок, - бой келиндерге айдаталы деп жатсак, макул деген келинди сиз тыйып салсаңыз, план толбойт: пронттун эгини токтоосуз деп, тыяктан чоңдор үстөлдү муштагылап жемелесе, бу деги шартка түшүнсөңөр болбойбу! Нары жактан шапалак камчыны сүйрөй баскан мени көргөндө, бригадир алда кандай ой тапкансып, сүйүнүп кетти:

- Андай эле келиниңизге жолдон тентек арабакечтер тиет десеңиз, мына - кайниси турбайбы! - деди ал, мени көрсөтүп.

- А бу иним жеңесине бирөөнү жакын жуутмак турсун, каратып койбойт. Андан кам санабаңыз: Сейит азамат өзү, бизди жансактатып жаткан мына ушул балдар да азыр, садагасы кетейиндер. ..Апам мени көрө салып, бригадирдин сөзүн бөлүп жалынды.

- Ии, тентиген арам... Чачың өсүп, жүдөп да калыптырсың го өзүң. Жанагы атасы түшкүрү баланын чачын алып берүүгө да чолосу тийбейт... Ата имиш...

- Андай болсо бүгүн чачын алдыртып, кемпир-чалга эркелеп кетсин, - деп, Орозмат жайдарыланып коштоду.

- Сейит иним, бүгүн үйгө түнөп, аттарыңды тыныктыр. Эртең Жамийлага араба беребиз, жеңеңди кошуп алып өзүң баш бол. Байбиче, чочубай эле коюңуз Сейит турганда. Андан калса, жанагы жаңы тууган Даниярды кошуп берейин: өзүңүз билесиз ал деги адамга зыяны жок бечара... Өздөрүнчө үч араба бир бригад болуп, стансага каттай беришсин, башкаларды булардын жанына кошпоюн да... Э, Сейит, сен кандай дейсиң. Бу апаң Жамийлага араба   айдаталы деп жатсак, көнбөй жатат, өзүң айтчы.Бир чети, - бригадир менин мактоомду жеткизип, бир чети, - ал менден кадыресе акыл сурап жатканга, анын үстүнө жеңем жанымда араба айдап жүрсө, кандай сонун болор эле деген балалык ой менен, мен мурчуюмуш болуп, апама айттым:

- Айдай берсин, аны эмне карышкыр жейт беле! - деп, тиги чоң арабакечтерди туурап, чырт түкүрүп, камчыны сүйрөй, жайбаракат теңселип бастым.

- Ии, күрсүлдөгөн урган, карышкыр дейби? Кой айланайын, сен эмнени билип коюптурсуң! - деди апам ачуулана эреркеп.

- Э, билбей анан - эки үйдүн бел байлар жигити да! - деп жиберди Орозмат, апам жаңы макул болуп келе жатканда, айнып кетип кайра жаакташабы деген коркунуч менен жапылдап, эмне дээрин билбей, кайсалактады. Аңгыча апам солгун үшкүрүп койду:

- А-а, кудай, ушу тырмактай немебизге өмүр бере гөр... Бел байлар союлдай жигиттерибиз алда кайда: журтта калгандай эле аңкылдап калбадыкпы. ..Андан аркысын мен уккан жокмун. Тамдын бурчун камчы менен бир тартып, саамайлары сербеңдеп, кичинекей колдору менен эпилдете тезек жайып, мага кубанычтуу жылмайган карындашыма анча деле назар салбай, далисте турган чоюн кумганды эңкейте шашпай колумду жууп, колтугума аарчыдым да, дароо үйгө кирерим менен адегенде чоң кесе айранды жутуп жиберип, экинчисин терезенин түбүнө алып барып, нан туурап жедим. Эшикте апам менен Орозмат дагы эле сүйлөшүп туруптур. Бирок, бул жолу алар жай эле муң айтышып жаткандай өңдөндү. Апам улам-улам ээк алгычы менен кабара түшкөн көздөрүн аарчып, тиги бир нерселерди жоотуп айтып жаткан Орозматка өзүнчө муңдана баш ийкеп, кылгырган тумандуу көзкараш менен тээ алыска-алыска, кабарсыз балдары көрүнө калчудай тиктейт. Айтор, капаланып бошой түшкөн апам, Жамийланын араба айдашына көндү окшойт. Бир аздан кийин бригадир ыраазы болгондой жорго байталын шарт камчыланып, чойтоңдото бастырып кетти.Анда бул иштин аягы эмне менен бүтөрү апамдын да, менин да капарымда жок.

* * *

   Жамийланын эки атты башкарып, араба айдап кетишине мен эч кандай күмөн санаган жокмун. Ал өзү кичинесинен жылкыда жүрүп өскөн, тээ боордо, Бакайыр айлындагы жылкычынын кызы эле. Биздин Садык дагы жылкычы болуп жүрүп, жайлоодогу малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калган имиш, ошондон кийин намыстанып аны ала качып келгенин уккам. Андай эмес, экөө көңүлү менен кошулушкан деп да айтып жүрүштү абысын-ажындар. Эмнеси болсо да алар үч-төрт ай эле бирге туруп, анан Садык акемди аскерге алып кеткен. Билбейм, балким жаштайынан атасы менен бирге ой-кырда жылкы айдашып, ат чапкылап жүрүп, өктөм өскөнбү, анын үстүнө жалгыз кыз бала экен, айтор Жамийланын жүрүш-турушунда кандайдыр кайраттуулук, эркекке таандык мүнөз бар. Ар бир ишке шамдагай киришип, башка келиндердей башым, белим дечү эмес. Анан өзү да бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышкан менен айтышып, тилдешкен менен тилдешип, ал тургай бир-эки жолу келиндер менен тытышканы да бар. Жан-жакадагы жеңе-желпилер: "Э, ботом, бул кандай тыкчыңдаган келин эле! Эшик төрдү көргөнүнө бир күн болбой жатып, тили менен тимеле буудай кууруйт!" - дегендерине апам: "Ошондою мейли! - деп кайра жактай кетчү. - Келинибиз ошондой ачык-айрым, тайманбас... Адамдын ичи-койну ачык эле жакшы болот, - сасыткылар кайра ошол тымпыгыйлардан чыгат". Атам менен берки Иштерман энем го, алар деги кайната-кайнене катарында Жамийланы кагып-силкпей, жай эле чын ыкласы менен эркелетишип: "Кудай өзүнө ынсап берсин, түз жүрүп нээтин бузбаса эле болду!" - деп коюшчу. Өстүрүп чоңойткон төрт уулду аскерге жөнөтүп жиберип, эки үйдүн ортосунда колго кармап калган жалгыз келиндин көзүн карашабы, бирок мен апама таң калган жерим бар. Башканы мындай коёюн, апам бирөөнүн көзүн карай турган киши эмес. Эски салтты коё бербей, атам өзү чапкан алты канат боз үйдү ар жылы жаз чыгары менен короого тигип, арча түтөтүп кут сактап, бизди баарыбызды тектүү, катуу тарбияда өстүрүп, башынан эки үйдү бийлеп көнгөн апама үй-бүлө анын айткан дегени менен болушу керек. Ал эми Жамийла келери менен биздин арабызда айырмаланды. Ырас, ал энелеринен ийменип, аларды сыйлачы, бирок айылдагы көпчүлүк келиндердей болуп, үн этпей башын жерге салып, же болбосо тескери карап көгөрүп сүйлөбөй, өзү туура таап, айтам дегенин тартынбай айтып, ой-пикирин жашырчу эмес. Жүйөлүү болсо апам көбүнчө аны менен макул, бирок ошондо да акыркы ток этер сөздү ал оңой эле бирөөгө бере койбойт. Менимче, апам аны мүнөзү күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү жагынан өзүнө жакын, өзүнө тең боорлук көрүп, келечекте аны эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс-берекесин сактаган өзүндөй мыкты орун басар катарында калтырып кетейин деген ою бар болсо керек.

сыймыктанчумун. Билбейм эмне үчүн экенин, бирок биз өтө жакын элек, биринен-бири эчтеке жашырбас сырдаш курбулар сыяктуу элек. Ал кезде айылдагы эркектер аз, ошондон улам кээ бир көкүрөк көтөрүп, дөгүрсүнгөн жигиттер, өзүн "мен гана" дегендей сезип, аял, алар үчүн кеп эместей. Бир жолу чөп чабыкта, улам эле жөнү жок ыржалактап, айтканым сая кетпейт дегендердин бири - биздин тууган сөрөй Осмон тийише бергендиктен, Жамийла анын сенек колун жактырбай силкип салды да, көлөкөдө отурган жеринен өйдө боло берип:

- Турчу нары! - деди. Анан тескери карап, өзүнчө капалана үшкүрдү. - Аңгиликтен башка колуңардан эмне келет дейсиң? Чөп маянын түбүндө талтая жамбаштаган Осмон, шилекейленген калбык ээрдин кекерлене түйүп, бышкырды:

- Тигини, мышык этке жетпей жатып сасык дейт... Мурдуңузду чүйрүбөй эле коюңуз! Кесирди эмне кылат экенсиң: көзүң катып өлүп эле жүрөсүң го...Жамийла жалт бурулуп кубара түштү:

- Өлсөм өлүп жүргөндүрмүн, - кудайдын башка салганы! Бешенебиз ушул экен - сен, акмак, андан эмне күлөсүң? Көзүм катмак турсун миң жыл так өтсөм да, сага ошкогон шүмшүккө кесиримди артканым арткан! Акмаксың, баягыдай тынчтык замана болсо, көрөр элем ушинтип айтканыңды!

- Ошону айтам да! Согуштун кесепетинен камчынын уусуна сугарылбай кутуруп жүрбөйсүңбү, - Осмондун көзү жүлжүйө майланышып, ал ээрдин тиштене тамшанып алды.

- Менин гана катыным болуп калсаң ээ...Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду бардык күчү менен жекире карап, бир нерсе айтмакчы болуп ага умтула берди да, анан: "ушуга айткан кайран сөз" - деди окшойт, "түү" - деп, тигини көздөй жийиркеничтүү түкүрүп, жерде жаткан айрыны ийнине салып, унчукпай четке басты. Мен бери жакта арабанын үстүнөн чөп түшүрүп жатат элем, мени көрө салып, Жамийла чукул бурулуп кетти. Жеңем мен ошондо кандай абалда экенимди билди. Сөз ага эмес мага тийгендей, мен ал үчүн ызаланып, намысым кайнап: "Андайларга эмне үчүн жолойсуң, алар менен эмне үчүн сүйлөшөсүң? " - деп, жеңеме жаным ачып, кейип турдум.Ошол күнү керели кечке Жамийланын ийилген кашы сустайып, шыңкылдаган күлкүсү тыйылып унчукпады. Мен шады арабаны үймөктөрдүн жанына айдап келгенде, ал мени сүйлөтпөс үчүн атайын жумушка алаксытып, ичин өрттөп жаткан ой-санаасын байкатпай, чоң үймөк чөмөлөгө айрыны ныгыра сайып, тоо омкоргондой аны бүт бойдон жерден так көтөрүп, бетине калкалай келип, улам арабага өжөрлөнө силкип таштап жатты.

  Тигиндей узай берип артыма караганымда, жеңем айрынын сабын таянып, бир азга солгун туруп, ойлонуп калат да, кайра жумушка кирет.Кеч бешимде акыркы арабага чөп басып жатып, Жамийланын тиги өчүп бара жаткан күндү карап турганын байкадым. Наркы өйүздө казактын боз адыр белесинде от жагылган тандырдын оозундай алоолонуп, билинер-билинбес мелт-мелт ылдый чөгүп, жерге күүгүм чакырып, асмандагы борпоң булутчаларды кызылсур түскө боёп, талыкшып албырган күндү, Жамийла алаканын көзүнө калкалап, ошол жакта кандайдыр бир сонун көрк ачылып келе жаткансып, муңайым күлүмсүрөп карап турду. Баятан куушурулган кашы азыр жазыла берип, жүзү жарык тартып жумшарды. Ошондон улам ал менин айтылбаган, бирок али да жүрөгүмдү өйкөп, тилимдин учунда турган: "Андайларга эмне жолойсуң, алар менен эмне үчүн сүйлөшөсүң? " - деген кейиштүү суроомо жооп бергендей, мен анын эң жакын сырдаш курбусу өңдүү:- Сен жанагыны оюңа албай эле кой, кичине бала, - деп койду. - Ушул Осмонго окшогондор да кишиби? Дөбөттөр да ал бир...Жамийла унчукпай калып, күндүн кылтыйып үзүлүп бара жаткан четин ойлуу карап, мага эмес өзүнө угуза айтты:- Андайлар адамдын черин жазмак кайда... Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да.

- Аллага шүгүр, тектүү, куттуу жерденсиң балам. Ал да болсо сенин багың, ушуну билип жүр. Аял деген кудай этегинен айтып, үйүнө береке турса, башка эмнени тилемек эле. Мына, жыйган-тергенибизди биз чал-кемпир кошо ала кетмек белек... Кадыр-баркыңды сактасаң, энчиңе бак-дөөлөт сактаганың ошол, балам! - деп эскерте турган.Баса, энелерди саал чочуткан бир нерсе бар эле. Жамийла өтө эле шайырсымак, бала кыялдуу. Кээде ал эч бир себепсизден энелерине эркелей кетсинби, же болбосо шаңкылдап каткырып жиберсинби, же көчөдөн короого кирип келе жатканда, куду эле жаш кыздарча так секирип, жүгүрүп келсинби, анан өзүнчө эле ырдап жүрөт. Энелер Жамийланын мунусун кеп кылып, анан кайра: "Бала да, бара-бара салмак тартар" - деп коюшчу.Ал эми мага жеңемдин ушундайы жакчу. Ал экөөбүз алышып-күрөшүп, кубалашып да кетебиз. Жамийла өзү шыңга бойлуураак, белдүү келин. Эки өрүмгө батпай, дүркүрөп өскөн калың чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына кыйгачтатып, шарт буунуп алса, кызыл торусунан келген, бакылдаган төгөрөк жүзүнө ак жоолук эп келише калат. Жамийла күлгөндө, анын чымкый кара сүйрүрөөк көзүндө ден соолуктун, жаштыктын ашып-ташкан күчү ойт берип, ал эмнегедир өзүнчө бой каранып, секетбайдын туздуусунан ырдап жиберет. Айыл арасындагы жигиттер, өзгөчө фронттон кайтып келгендер Жамийлага кызыгып, тийишишип жүргөндөрүн алда нече байкагам. Тамашаны жакшы көргөн жеңем алар менен тамашалаша берчү, бирок колу шокторду жанына көп жуутчу эмес. Ошондой болсо да, мен өтө ичи тар элем, жеңемди кызганып, берки тийишип жаткан "бузуктарга" сыр көрсөтөйүн дегендей: "Байкагыла, мында мен, кайниси турам! Коруп алар эч кимиси жоктой көп эле сугалактай бербегиле! " - дегенчилик кылып, алардын сөзүн бөлүп, эпсиз какшыктап, эң акыркы, сүзөнөөк теке-улакчасынан кыйшайып кабактын астынан үлүрөйө тиктейм. "Ой, алдагы жаман кантет, жеңе ушунуку беле!" - деп жигиттер күлгөндө, кудай билет, кызарып-татарганым аз келгенсип, көзүмө жаш имериле түшөт окшойт. А мени түшүнгөн жеңем, кубанычтуу күлкүсүн тыялбай суз жылмайып: "Ишиңер болбосун, жеңе деген жерде жатыптырбы? Жүр кеттик кайним!" - деп, тигилерди ого бетер кызыктырып, бураң этип, башын өйдө чулгуп, мени менен кошо басып бара жатып, өзүнчө ыраазы болгондой да, ызалангандай да, унчукпай күлүмсүрөйт. Мүмкүн ошондо: "Жеңе коруйт десе үшүнтө бересиңби, кичине бала? Кызыксың да анан, көңүлүм бузулса, миң коругула, мен чабырдагы чымчык эмесмин да!" - деген ой кетеби ага?.. Мен дагы ошондо айыптуу немедей унчукпайм. Бирок, аздан кийин эле жеңем кайра жазылып: "Ии, кичне бала, кызыксың да анан!" - деп, адатынча мени бооруна басып, маңдайымдан өбөт.Ооба, мен жеңемди эч кимге ыраа көрбөй кызганам, анын иреңдүүлүгү менен, өзүн эркин алып жүргөн мүнөзү менен ичимден   Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?Мен антип-минтип арабаны кайрыганча карасам Жамийла нары жакта иштеп жаткан келиндерге жүгүрүп кетип, алар менен бир нерселерди тамашалаша айтышып, кубалашып да кетиптир. Күндүн таптаза батышын көрүп көңүлү ачылдыбы, же жумушту ойдогудай бүтүргөнүнө ыраазы болдубу, айталбайм. Чөп баса үйүлгөн арабанын үстүндө олтуруп, буурул-ала салкын көлөкө жайылган чабынды менен жоолукчасын булгалап, кулачын кере жүгүрүп бара жаткан Жамийланы көрүп, менин да көңүлүм ачылды: "Ырас эле, Осмондун көзү да кеппи?"

 - Чү, аттарым, ылдамда! - деп, арабаны тездеттим.

* * *

   Бригадир Орозмат айткандай ал күнү мен чачымды алдыртып кетейин деп, атам устаканадан кайтканча, Садык акемдин катына жооп жаздым.Кат жазуунун бизде өзүнчө салты боло турган. Аскердеги аталар катты атамдын наамына жиберчү, почточу аны апамдын колуна тапшырат. Келген каттарды окуп бериш жана жооп жазыш - ал менин милдетим. Катты окуй электе эле анда эмне жазылганын мен күн мурун эле биле турганмын, анткени алардын баары эгиз козудай бирине бири окшош болучу. Садык акем кат жазганда адегенде: "Амандык кат" - деп туруп, анан: "Андагы Таластын атыр жыттуу, салкын абасында жашаган, жандан артык көрүүчү атам Жолчубай" , - деп, атамдан баштап, анан апамды, анан Иштерман энемди айтып, ушинтип баарыбызды бир-бирден өз кезеги менен атап, эң акырында: "Жана да аялым Жамийла аман эсен турабы" - деп, Жамийланы бир ооз сурап өтөт. Ата-эне, туугандар турганда аялын биринчи эскерип, катты анын наамына жазыш - жалаң эле Садык үчүн эмес, эркекмин дегендердин баарына эрөөн болобу бирок биз ушундай эле катка көптөн-көп ыраазыбыз, айыл элинин түшүнүгүндө бул өзү салттагы иш. Катты бир эмес эки-үч жолу окутуп алгандан кийин, апам аны казан-аяктын ысык-суугуна туурулган колуна алып, кагазды учуруп жиберчүдөй абайлап кармап, үч бурчтук кылып кайра бүктөйт.

 - А-а, тумардай болгон катыңардан айланайын! - деп коёт ал, көзүнө жаш ала үшкүрүп.

- Ата-эне, туугандар дейт тура? Бизди коюп өзүңөрдү эле кудай сактаса болгону, биз эмне... Үйдө эмеспизби... Мен аманмын деп бир ооз эле чийип койсоңор, ошо да бизге чоң канимет... Анан ал дагы катты бир азга телмире тиктеп, сандыктагы кат сактоочу тулубуна салып коёт.Эгерде ошол учурда Жамийла да үйдө болуп калса, ал дагы катты бир сыйра ичтен окуйт. Ар убакытта кат колуна тиери менен Жамийланын бети албыра түшүп, ал аны демин токтото албай, шашылып окуй баштайт. Бирок, улам каттын аягына жакындаган сайын, өңүндөгү оту соолуп, ийилген кашы сустая жыйналат. Кээ бирде аягына чейин да окуп жетпей, Жамийла унчукпастан, катты убактылуу карызга алгандай, сустайган бойдон кайра энесине берет.Кат сактоочу тулупту сандыкка бекитип жатып, келининин бозоро түшкөнүн байкаган апам, аны кайраттандырмакчы болуп жемелеп коёт:

- Кабар келгенине сүйүнбөй, кайра шылкыя калат экенсиң да, балам. Же аскерге кеткен жалгыз эле сенин күйөөң бекен? Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт... Кудай кошкон жарын ким сагынбасын, сагынсаң да ичиңде болсун, ичиңе сакта...Жамийла унчукпайт. Унчукпаганы менен ошо учурда кежирлүү капалана карап: "Сиз түшүнбөй эле айта бересиз да!" - дегенсийт. Садык акемдин бул жолку каты да Саратов шаарынан келиптир. Ал анда госпиталда жаткан. Куда кааласа, күз ортосуна карай бошоп келермин дептир. Мурун да ушундай кат келип биз сүйүнүп жүргөнбүз. Атам жумуштан келгенде, чачымды тезирээк шыпыртып алдым да үйгө жатпай эле, аттарды бедеге коё берип, күндөгүдөй кырманга барып түнөдүм. Башкармалар малды бедеге жайдырчу эмес, бирок мен, аттарым мыкты болсун деп, көздөн далда алысыраак  ойдуңдагы бедеге түндө тушап койчумун. Эч ким аны билчү эмес. Бул жолу арабаны кырманга чыгарып коюп барсам мен ээлеп жүргөн ойдуңда төрт ат тушалып жүрөт. Ачуум келип, бул аттарды тээ алыска айдап салайын дедим. Бирок эки ат жана бригадир айткан Даниярдыкы экенин таанып, эртеңден баштап баарыбыз бир бригад болуп, станцияга кошулуп каттап жүрөбүз деген ой менен тим койдум. Кырмандагы саманга жатайын деп келсем, Данияр дагы ушул жерде экен. Арабанын дөңгөлөктөрүн кечки жарыкта жаңы эле майлап бүтүп, бурамаларын бекемдеп жатыптыр.

 - Данике, сайдагы аттар сеникиби? - дедим. Ал бурула берип, жай карап койду:

- Экөө меники.

- А беркилеричи?

- Жанагы Жамийла дейби... Сол келиндики. Сенин ал жеңең беле?

- Жеңем.

- Айтпесе бүгүн түн багып бересиң деп, бригад өзү таштап кетти." Ии, жана аттарды айдап жибербегеним жакшы болгон экен анда", - деп койдум оюмда.Түн кирип, жогортон соккон сыдырым тыйылып, кырман да тынчыды. Мен жаткан саманга Данияр да келип жатты. Бирок, бир аздан кийин ал туруп кетип, нары суу аккан чоң сайдын тик ылдый түшкөн кашатына барып туруп алды. Ал ошол жерде эки колун артына алып, башын саал бир жагына кыйшайта, козголбой тура берди. Артынан карасаң Даниярдын сөлөкөтү айдын күүгүм жумшак жарыгында сомдон чыккандай арбайып, кашатта жалгызсырайт. Мемиреп жуушаган түнкү тынчтыктын уйкусун бөлүп, ушул кезде улам күч алып, бөгөлгөн таштарга башка бир кулакка угулар-угулбас дабыштарды тыңшагансып Данияр козголбойт. "Адатынча дагы суунун боюна барып жатайын деген экен го!" - деп, күлүп койдум мен.Данияр биздин айылга жакында эле пайда болду. Чөп чабык жаңы башталганда, фронттон бир жарадар аскер кайтып келди деген кабарды айылдан чуркап келген бала сүйлөп берди. Бирок, ал аскер ким экенин бала өзү да билбейт. Айылда го белгилүү: бирөө аскерден кайтып келди дегиче болбой, жабыла учурашканы жүгүрүп барат эмеспи. Ал эми бул жолу анын аты-жөнү дайынсыз болуп, чөп чабыктагылар ого бетер чуу түштү.- Чоочун дейт го?- Чоочун болсо бул айылга эмнеге келмек эле?- Баса, ошондой де!Ушинтип, ал ким экен, кимдин баласы экен, биздин баланча болуп жүрбөсүн, биздин түкүнчө болуп жүрбөсүн - деп, чуулдаган чөпчүлөрдүн бир тобу айылга чаап барып да келишти. Көрсө, Данияр түпкүлүгү биздин айылдан экен. Кишилердин айтышына караганда, ал кичинесинде тоголок жетим калып, анан ар кимдин колунда жүрүп, акыры тээ төмөн Чакмактагы казак таякелерине кетип, ошо бойдон артынан изденер, күйөөр жакын тууганы жок, элдин эсинен чыгып, унутулуп калат. Айылдан кеткенден кийинки өмүрү жөнүндө Данияр анча деле чечилип айтып бербептир. Бирок, азыр ойлоп карасам, анын көрбөгөн күнү, тартпаган азабы калбаса керек.Илинер- карманары жок эбелектей баланы, турмуш бир жерден экинчи жерге айдап, сүрүп отуруп, карандай баштын жан сактоосун акмалатып, далай жерди кыдыртат. Данияр бир топко чейин Чакмактын боз даңгыр айланасында кой кайтарып, анан бой жетип, кайнаган чөлдө канал чаап, жаңы пахта совхоздорунда пахта эгип, суу сугарып, акыры Ташкенттин жанынан Ангрен шахталарында иштеп, аскерге кетет.Эмнеси болсо да, элдер анын кайтып келгенин туура таап; "А, бечара, туз-насиби бар экен, акыры өз элин издеп келгенин карачы! - Ушунча жыл сыртта жүрүп өз тилибизди унутпаптыр, - аздап эле казакча чалышы бар" - дешип, өз ара ыраазылыгын айтышты. "Тулпар айланып үйүрүн табат. Тууган жер, эл-журт деген оңойбу. Келгениң арбакка жагар иш: мына германды жеңип, тынчтыкка жетсек, сен дагы эл катары түтүн булатып балалуу-чакалуу болорсуң" - дешкен чалдар, Даниярдын жети атасына чейин сөөк сүрүштүрүп отуруп, анын кай уруудан экенин, айылдагы анча-мынча туугандары ким экенин да таап  беришти. Элдер эми аны: " Жаңы тууган Данияр" - дешчү болду.Ортодон көп өтпөй, бир күнү шинелин ийнине арта салып, сол бутунан сылтый баскан узун бойлуу, мойну куркуйган бирөөнү бригадир Орозмат ээрчитип келди. Өзүнчө эле чукчулдуктай бөлүнүп, жорго байталды кыдыңдата бастырган жампыгый Орозматтын жанында тиги узун бойлуу аскер, салмагын соо бутуна салып, кандайдыр демите арыштап, унчукпастан калышпай келе жатты.Биз, чөп чапкыч машине айдаган балдар, Даниярды ошондо биринчи жолу көрдүк. Анда жанагы бүгүлбөгөн бутунун жараты жакшы айыга элек, чалгыга жарабай, ал дагы машина айдашты. Чынын айтайын, биз аны анча жактыра бербедик. Себеби, Данияр киши менен көп сүйлөшчү эмес. Сүйлөшсө да ошол убакытка башка бир, өзүнө гана белгилүү ойлорду ойлогонсуп, кишини тике карап турса да, көңүлү башка жакта экени сезилип турчу. Ал өзүнөн өзү кыялга баткандай, маңыроо сыяктуу. Аны байкаган кишилер: "Байкуш неме согуштан эси ооп калса керек", - деп да жүрүштү. Бирок, Даниярдын ушул мүнөзү, кыймылы тез иштегенине, чапчаң жүрүш-турушуна түк байланышпайт, - сыртынан карап турсаң, аны абдан курч, чечен неме го деп ойлойсуң. Мүмкүн, жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш аны тез иштөөгө, бирок көп сүйлөтпөй, сырын ичке түйүп, сактаганга үйрөттүбү? Балким, ошондой болуш керек.Тартайган, москоол боюна жараша Даниярдын бет түзүлүшү шылынып чап жаак, кабагы дайыма чарчаңкы жыйрылып, көзү бир калыпта салмактуу тиктейт. Анын жүзүн өзгөртүп, кыймылга келген ийкемдүү кашы. Кээде ал бир үн чалгансып, сестээ калганда, канат серпкендей кашы өйдө боло берип, көзү жалжылдап, бир нерсеге сүйүнгөн өңдүү болот. Ал эмнеси экени биз үчүн түшүнүксүз. Бул гана эмес, анын башка да кызыктары бар. Кечке жуук, иңир чалышта аттарды коштоодон чыгарып, казанда кайнаган тамак качан даяр болот деп, отту тегеректеп, баарыбыз күтүп отурабыз. Данияр болсо, жаныбыздагы кароол дөбөгө чыгып барып, караңгы киргенче ошол жерде олтурат. "Эмнеси бар анда, күзөт күзөтөбү?" - деп, биз күлөбүз. Бир күнү кызыгып, мен дагы Даниярдын жанына дөбөгө чыгып отурдум. Анча деле укмуштуу эчтеке жоктой бул жерде. Ырас, дөбөнүн үстүнөн айлана кеңири ачылып, тоо этектеп коюлуп келе жаткан көгүш иңирде, жайкы талаалар деңиз түбүнө чөккөнсүп, барган сайын куйкум көлөкө жамынат. Данияр менин мында келгениме көңүл бурган жок. Сыңар тизесин кучактап, тек өзүнчө кыялданып, жүзү эргиген мейримде отуруптур. Ушул учурда ал мен укпаган, менин кулагыма жетпеген кандайдыр кереметтүү бир нерселерди тыңшап, ошого жан дили менен берилип; кулак салып отурган өңдүү туюлат. Кээде анын кашы бийик серпилип, көзү жайнап, ичинде демиккен бир зор күч бардай, ал чыңала түшүп, сыягы азыр өйдө тура калып, кулачын жая, айланадагы көз көргөндүн баарын кучактап, көкүрөгүнө бекем кысчудай сермелет. Бир карасам жок, жөн эле чарчаган эмедей шалдырап, дем алып отурган сыяктуу. Биздин колхоздун чөп чабындысы Күркүрөө суусунун ойдуң-буйдуңдуу чоң сайында Күркүрөө дегендей эле капчыгайдан күркүрөп келип, ошол ашынган бойдон жан сабалап агат. Чөп чабынды маал, тоо сууларынын кирген кези. Таштан-ташка күбүлүп, кум ойнотуп, сары көбүк тарткан суу кечтен кошула баштап, түнкүсүн анын жер дүңгүрөтүп шаркыраганынан алачыкта жатып ойгонуп кетем. Каймагы алынган сүттөй, көк ирим аба, сырттан муздак илеп чалып, бадырая толгон жылдыздар жылчыктарга шыкаалайт. Түнкү тынчтыкта суунун агымы бөтөнчө күчтүү сезилип, алачыктын түбүнө шарпылдата толкун уруп, улам жакындап сүрүп келгендей. Жээктен алыс болсок да алачыкты каптап алып кетеби деген коркунуч эрксизден туулат. Жолдошторум бейкабар уйкуда, мен сыртка чыгам.Сайдагы түн көрктүү да, коркунучтуу да. Жээкте тушалган аттардын караандары тигинде мында бириндеп, тынч. Аттар баятан шүүдүрүм чөпкө тоюп, азыр кез-кез бышыркынып, тек гана магдырашат. Ошолордун эле жанында булуңдагы бүткөн бою суу, солкулдап бадал чырпыкты ыргай жапырып, таштарды ала-сала агызган Күркүрөө, эчтекеге ээ-жай бергисиз жапайы күч менен жердин астынан чыккандай күнгүрөнүп, жандуу, тилдүү немедей сүрдүү, укмуштуу күү чалат. Аны тыңшап сүрдөйм, ичиркенем. "Баса, Данияр кайда болду экен?" - деп ошондо эстеймин. Ал дайыма так суунун жанындагы үймөк чөптөргө барып жата турган, "Ал эмне түнкүсүн коркпойбу, кулагы тунбайбы? - деген ой келет мага.

- Уктап жатат болду бекен, же ойгобу? Тооба, өзү жалгыз суу боюна барып жаткандан кандай кызык табат, эмнеси бар мунун? Деги кызык неме... Адамдан оолак..." Кайда болду экен деп карайм, тыңшайм, эчтеке жок. Теребел жарык, кечит кара, жээкте толкун шыпшынат. Сайдын тээ башында, тоонун кыры мунарыктап, жылдыздар алыста көрүнөр-көрүнбөс. Айлына кайтып келгенине бир топ күн болсо да, ушинтип эчкимге кошулбай, ар качан жалгыз жүрүп, Данияр өзүнчө жоро-жолдош күтө албады. Бирөө менн жакындашуу, душмандашуу ага жат өңдүү, эч кимге жаман айтпайт. Айыл арасында го колунан жамандык да жакшылык да келип, жыйналыш-жыйында чыгып сөз сүйлөп, аш-тойдо аксакалдар менен тең катары тизгиндешип, эл башкарышып жүрүшкөн өкмөт жигиттер кадыр-барктуу болуп, оозго кирет. Кыз-келиндин көзүнө түшчү да ошолор.Ал эми Даниярга окшоп өзүн башкалардан окчун кармап, жоош жүргөндү ишке аралашкан мыктылар анча теңине албайт, карапайымдар анын зыян-пайдасы болбогон соң: "Эптеп жансактап жүргөн бир бечара-байкуш" - деп коюшат. Өзгөчө бизге окшогон чечек балдар чоңураак жигиттерге тең-алашып жүргөндү мыкты көрөт эмеспи. Биз көрүнө болбосо да, көзү жокто Даниярдын мүнөзүнө күлө турганбыз. Ал эмес көйнөгүн сууга алып барып, өзү жууганына да күлчүбүз: аскерден кийип келген көйнөгү жалгыз болгондуктан, аны чала кургатып эле кийип алчу. Бирок, бир кызык жери, Данияр момун болсо да биз ага теңалаша албадык. Аны улуусунтуп сыйлагандай ал менин агаларым менен курбалдаш, андайларды биз "сен" - деп өзүбүздүн наркыбызды төмөн түшүрбөйбүз. Сүрдөй тургандай Даниярдын эч деле жери жок, антсе да анын ошол унчукпас, басмырт мүнөзүндө кандайдыр терең маани бардай, демейде шок, какшыкчыл балдар ага көп эле батына бербеди. Анын себеби мындан да болуп кеттиби деп ойлойм. Мен өзүм элдин көргөн-билгенин, бөтөнчө фронтто болгондорду майда-чуйдасына чейин сурап, билүүгө кызыкчумун. Суроо деген менде түгөнбөйт, ушул дартымдан "Сейит маңыз" - деп да атыгып кеттим.Данияр келген алгачкы күндөрү андан согушта болгон окуяларды угамын го деп күтүп жүрдүм. Бир күнү жумуштан кийин, тамак ичип, отту тегеректеп жарпыбыз жазылып, тынчтанып отурганда, Даниярдан сурап калдым:

- Данике, согуштан козгоп, эрмектеп бербейсиңби? Данияр адегенде унчукпай, жаман көргөнсүп түктүйө калды.

- Согуш дейсиңби? - деди ал жай гана эмнегедир үнүн басаңдата түнөрүп, - согуштун түрү курусун, сендер аны билбей эле койгула! Данияр бери жакта жаткан катуу-катуу куурайдан чоң тутам алып, отту көсөп, тез-тез үйлөп күйгүздү да, эчкимибизди карабай, көнүмүш боюнча колдорун тапка кактап, желпилдеп күйгөн жалында көзүн сүзүлтө тиктеп унчукпады. Ал эмне үчүн ушинткенин ким билсин, бирок анын ушул эле айткан сөзүнөн согуш деген жомок катары эрмектеп сүйлөй турган кеп эмес, ал адамдын жүрөгүнө терең батып, айтууга өтө кыйын, оор экени сезилди. Уялганымдан мен жер карап калдым. Экинчи согуш жөнүнөн Даниярдан эчтеке сураган жокмун, балдар да ага тийишип теңалашканын койду.Бирок, мүнөзү түнт, адамга ыгы жок Данияр мурункудай эле жалгыз-жабык жүрүп, анын аскерден кайтып келгенинин кызыгы бат эле таркады. Кээ бир элдер аны анчейин: "ээ бир жүргөн бирөө да!" - дегенсип көзүнө илбей, кээ бирлер ага ачык күлө сүйлөп, көпчүлүгү болсо боору ачып, "үйү-жайы жок эптеп жансактап жүргөн бечара карып... Колхоздун талаада берген ысык оокаты болбосо тим эле  тентип эле кете турган неме... Өзү да кудайдын боз кою!" - дешип аяп жүрүштү. Бара-бара элдер Даниярдын мүнөзүнө көнүгүшүп, үйрөнүп калгандыктанбы, аны кеп кылганды да койду. Чын эле адамдын эчкимге тиешеси болбогонсоң, ал көз көрүнө эле унутула берет эмеспи.

***

   Эртеси күн чыкпай Данияр экөөбүз аттарды кырманга алып келдик. Аңгыча Жамийла жеңем да орокто жүргөн жеринен келип калган экен, бизди көрүп, тигинден эле кыйкырды:

- Ай, кичине бала, менин аттарым кайсы, бери жетеле! Камыттары кайсы эле? - деп машыккан арабакечтен бетер дөңгөлөктөрдүн шалкылдагын буту менен тээп көрүп жатты. Аттарды коштой жетелеп биз жакындап келгенде, Данияр экөөбүздүн түрүбүз кызык көрүндүбү, анткени жайдак бастырган Даниярдын кончу кенен солдат өтүгү салаңдаган узун буттарынан шыпырылып кетчүдөй бутунун башына илинип мен болсом мүйүздөй чор болгон согончокторум менен жылаңайлак теминип келаткам, Жамийла бизди шылдыңкор карап, күлүп койду:

- Оо, узунду-кыскалуу болгон кайрандар десе! Издешпей табышкансыңар го!Ушундан баштап эле ал бизди башкарып алгансып: "Болгула, урушта туруш жок, эртерээк салкында жөнөй берели!" - деп, аттарды буркулдата кетенчиктетип, арабага кошо баштады. Данияр жаныбызда жүрсө Жамийла аны кишиби, көлөкөбү дебей такыр эле көзүнө илген жок, сүйлөшсө да мени менен сүйлөшүп, бизден калышпай, нары-бери шамдагайлана аттарды чегип жатты. Жамийланын бул кыр көрсөткөндөй чечкиндүүлүгүнөн Данияр апкаарый түшкөндөй болду. Чекесин тырчыктырып, ал аны жактырбагандай да, таң калгандай да түктүйө карап, сыртын салды. Тиги анысын байкаган да жок, болгондо Данияр тараза үстүнөн каптардын бирин кучактап алып, унчукпай арабасына көтөрүп таштаганда, Жамийла аны жемелей кетти:

- Ал эмнеси экен? Ар ким эле өзүнчө далбастай береби! Келе колуңду, колдошконду кудай колдойт! Ай, кичине бала, чык арабага, каптарды жаткыр! Жамийла Даниярдын колун өзү эле шап кармап, экөө колдошуп кап көтөргөндө, Данияр уялганынан кара-көк болуп кызарып кетти. Анан алар улам каптарды колдошо көтөрүп басканда, бекем кармашкан колдору чыңалышып, кап үстүнөн арта салынып, Жамийлага эңкээ берген Данияр өз алдынан эле оңтойсузданып үтүрөйүп, аны карабаска аракеттенип жатты. Жамийла анда да иши жок, таразачы келин менен ары өтүп, бери өтүп шыңкылдашат. Арабалар жүктөлүп бүтүп, жуп жөнөрдө гана, ал бержакка көзүн кымтый коюп, Даниярга айтты:

- Ай, ким, Данияр белең? Карааның эркек эмеспи, жол башта! - деди.Данияр бул жолу да унчукпады, чочугандай келинди бир карап, арабаны турган эле жеринен ала-сала айдады. "Аа, шоруң кур, уялгычын мунун!" - деп аяп койдум аны.Жол алыс. Жыйырма чакырымдай боз талаа менен жүрүп отуруп, төмөндө жаткан Кара-Тоонун капчыгайынан өтүп станцияга барыш керек. Бир жакшы жери, кырмандан чыгып станцияга жеткенче жер оңуту ылдый аттарга бул көп жеңилдик. Улуу-Тоонун адырлуу тескейинде орношкон айлыбыз, капчыгайга кире бергенче, качан артыңа кылчайып карабагын, тал-дарагы карайып, жогору жакта көрүнүп турат. Темир жол капчыгайдын этегинде. Мына ушинтип биз күнүн барып келип, эгин тартып жүрдүк. Айылдан эртең менен чыгып, станцияга түш оой барабыз. Жүктүү арабалардын дөңгөлөктөрү каксоо жолдо дүңгүрөп, шагыл майдаланып бычырайт. Күн өйдөлөп, талаа ысыган сайын, аттардын сооруларынан жылга-жылга тер кетип, үйүр алып, кошо эрчишкен чымындар чаң аралаш учуп-конот. Саратан чаңкып, жер какшыган күндөр. Станцияга келсең, араба-көлүктөп басарга орун жок. Тоо койнундагы алыскы колхоздордон эгинди өгүз, эшекке артып, айдап келатышкан балдар менен катындардын жондору туздуу шор, чаң баскан беттери капкара болуп күйгөн. Шамалга кеберсиген эриндери кан кесилип, өздөрү жылаңайлак- жылаңбаш, ташыркап, чаалыгып келишет. Заготзернонун короосу ызы-чуу, дарбазасында: "Бардык эгин - фронт үчүн!" - деп, ураан жазылган. Сокмо дубал менен тегерете курчаган жапыс короонун сыртында, паровоз вагондорду нары-бери кагыштырып, ысык буу уруп, кумурскача тынбаган аракетте. Өткүн жаандай шартылдап, өткөн поезддер капчыгай жаңырта токтолбой зуулдашат. Так кампанын оозуна чөгөрүлгөн төөлөр өйдө тургусу келбей, жинин бүркүп, оозун чоё ачуулуу боздошот. Чоң кампанын ичи тоодой үйүлгөн эгин. Каптарды жонго салып, тактайдан жасалган трап менен кампанын тээ төбөсүнө жете жаздай, бийик чыгып барып төгүш керек. Кампанын ысык чыккан тунукелүү үстү темир ис берип, буудайдын чаңы абада кылкылдайт.

- Эй бала, көзүңө кара, үстүнө жеткир! - деп, уйкусуз көздөрү кызыл эт болуп канталаган кампачы, төмөндө колун көсөп сөгүнөт. Ал эмнеге сөгүнөт? Сөгүнбөй эле койсочу! Алдан тайып жыгылып эле калбасак, ансыз да көтөрүп жеткиребиз го.Биз бул эгиндин мээнетин жалаң эле ушул жерде эмес, талаанын өзүнөн, айдоого дан таштагандан баштап, көтөргөнүбүз көтөргөн. Аны жашаялмет катын-балдар жазы-жайы тынбай тырмактап өстүрүп азыр да ошол өрт алган саратан талаада алда качан эскилиги жетип, күнүгө жүз жолу бузулган шалдыраган комбайнды бирде жүргүзүп, бирде кайра оңдоп, комбайнер жанын уруп далбастайт. Азырда ошол эгин майданында орокчулар куланөөк таңдан караңгы түнгө чейин, уюп сыздаган белин жазбай, орок тартып, жерге түшкөн ар бир баш машакты кымындай балдардын колдору терүүдө. Ошол күндөрдө биздин бардык тапкан-тергенибиз - фронттуку, ал биздин жеңиш үчүн берген тер менен каныбыз. Али да эсимде: жаш өспүрүм мен ошондо карылуу жигиттер көтөрчү каптарды ийниме салып, каптын бир бурчун тишим менен кошо тиштеп, өйдө чыгып бара жатканда, кабыргам майышып, көзүм тунарыктайт. Кадам сайын траптын тактайлары ийилип, кампанын чаңду деми өпкөнү кысат. Нечен-нечен жолу алдан тайып, жонумдан ылдый жылбышып бара жаткан буума капты ыргытып жиберип, өзүм да траптан кулап түшсөм деген ойлор кетчү. Бирок, артымда кап көтөргөн киши бар. Ал деле мага окшогон жаш бала же болбосо, төрөп-түшүп жүргөн аял чыгар. Эгерде согуш болбосо, мындай оор жүктү буларга ким көтөртмөк эле? Эркек мен эмес, аялдар ушинтип бел байлап иштегенде алсыздык кылууга акым бар беле?

Тигине алдыда Жамийла жеңем кетип бара жатат. Этегин кыстарып, багалектерин өйдө түрүнгөн Жамийланын кара тору толмоч балтырлары булчуң түйүп, толорсу тарамыштары үзүлүп кетчүдөй чыңалган. Жүгүн жеңилдетейин дегендей, Жамийла каптын астында бүгүлө ийилип, бат-бат, бат-бат басат. Кээде гана менин күчтөн тайып бара жатканымды сезгенсип, ал токтоло калат да:

- Чымыркан, кичине бала, аз калды эми! - деп коёт. Бирок, өзүнүн үнү да ошондо муунуп киркирейт. Каптагы буудайды кызылдын төбөсүнө төгө салып, биз кайра тартканда алдыбыздан Данияр кезиге турган. Адатынча эле эч кимге кошулбай, ал унчукпастан, салмак менен бутун сылтый басат. Биз жандаша түшкөндө, оор тарткан боюн керип, көйнөгүнүн бырыштарын жазып келе жаткан Жамийланы Данияр эңкейген калыбында кабактын астынан кыйык тиктеп өтөт. Ал аны биринчи жолу көргөнсүп, ар дайым ушинтип карайт. Бирок, Жамийла муну оюна да алчу эмес. Биз бирге кошулуп иштегенден баштап, ал экөөнүн ортосундагы мамилеси ушул: Жамийла кээде анчейин тамаша үчүн тигиге үстөмдүк менен күлө сүйлөсө, кээде анын бары-жогун такыр эле унутуп салган өңдүү, эчтеке дебейт, карап да койбойт. Бул өзү Жамийланын көңүл иши. Көңүлү келсе жолдо келе жатып Жамийла мени: "Айда аттарды, кичине бала, кеттик!" - деп үндөп коёт да, отурган жеринен өйдө тура калып, камчыны үрөй кыйкырып, арабаны айдайт. Мен дагы калышпайм. Көз ачып-жумгандын ортосунда, жол баштап алдыда кетип бара жаткан Даниярды биз кууп өтөбүз. Чаңдын баары Даниярга капталып, ал артта калат. Бул өзү тамаша болсо да, адамдын өзү ачуусу келе турган жорук. Ошентсе да Данияр таарынчу эмес. Чаңды буркуратып, биз жанынан өтүп бара жатсак, ал айыптуу немедей жай эле күлүмсүрөп, арабада тикесинен туруп, аттарды оңдоп солго камчылап, каткырып айдаган Жамийланы, унчукпастан таңыркап карайт. Кантип жатат болду экен деп, артыма кайрыла калам: тумандай коюу чаңдын арасында да Данияр ыраазы болгондой Жамийладан көзүн түшүрчү эмес. Анын ошол таңыркаган көз карашында жаш баланын шоктугун мейличи деп кечирген өңдүү мээрим да, ичтен тымызын күйүт чегип, эч кимге сыр айтпай, тарткан санаа да бар сезилет. Жамийланын ушундай жоруктарын, какшыктап күлгөнүн, жадагалса аны теңине албагансып, жанында жүрсө да ага карабай, сүйлөбөй коюшун Данияр эч бир көңүлүнө албаган сыяктуу, баарына чыдап бир да жолу сөз кайрыган жок. Адегенде Даниярга менин боорум ооруп:

- Жоош немени ушинте бергениң кандай, жеңе? - деп айтсам, Жамийла:

- Ай, койчу ушуну! - деп колун шилтеп күлчү.

 - Бекер жүргөндөн көрө тамаша да! Аны эмне кудай алмак беле ошондон!.. Жүрө-бара жеңемдин бул тамашасына мен да кошулдум. Анткени Данияр Жамийлага өтө эле кадала карай турган болду. Өзгөчө Жамийла кап көтөргөндө, ал иш арада токтой калгансып, көзүнүн кыйыгы менен аны карайт да турат. Ар ким эле өзүнчө убараланып, жумуш менен алек болгон көпчүлүктө мунусун эч ким байкабайт деп ойлойбу, айтор, үнү кардыккан арабакечтер кыйкырышып, ат-араба тыгылышкан станциянын базар сыяктуу тополоңдуу короосунда, жалгыз эле Жамийла элден башкача жаралгансып, канчалык кыйналса да, ээн-эркин жердегидей элпек кыймылдап, жайдары күлүп, чын эле көзгө көрүнбөй койбойт экен. Арабанын кырына тикесинен тургузулган буума капты Жамийла чалкалай берип, артынан кармаганда, бүт денеси ийиле созулуп, мойну, көкүрөгү керилип, күнгө күйгөн кара күрөң чачтын өрүмдөрү узара түшкөндөй, артына салмактантып, чала жумган кирпиктердин арасынан көздүн каректери жалт эте түшөт. Ошондо кап көтөргөн Жамийла кампанын эшигине жеткенче, Данияр аны жанагы үңүрөйө таңыркаган көз караш менен байкатпастан карап узатат. Бирок, мен муну байкап эле жүрдүм. Башта анда деле көңүлгө албасам да, кийинчерээк барып Даниярдын минтип жеңеме кызыгып караганы мага жакмак турсун, намысымды келтирди: эч кимге ыраа көрбөй кызганган жеңеме, башкалар го мындай турсун, Данияр дегенди кантип эле тең көрөт элем." Тигини, ушунун да Жамийлада ою бар болсо керек, анан башкаларга сөз барбы! Ой тобо!" - деп ачуум келип кыжырланып жүрдүм.Даниярды эми момун деп аямак турсун, аны жек көрө баштадым. Ушундан улам мен дагы жеңеме кошулуп, аны шылдың кыла турган болдум. Бирок, биздин бул жоруктарыбыздын аягы уяттуу болуп чыкты.

Эгин таштаган каптардын арасында таардан тигилген, жети пуддук бир чоң карала кап бар эле. Аны ар дайым жеңем экөөлөп кампага жеткирип, жерге төкчүбүз, - анткени, бир кишинин алы келе тургандай эмес болучу. Бир күнү кырманда арабаларды жүктөп жатып, жеңем экөөбүз жанагы кара капты Даниярдын арабасына таштап, үстүнөн башка каптар менен бастырып койдук. Чыны, кантер экен деп, тамаша кылдык.Ушинтип, күн чыга кырмандан жол тарттык. Жолдо орус кыштагында бирөөнүн багына кирип, Жамийла экөөбүз алма уурдап чыктык да, жол катары каткырып күлүп келдик: Жамийла Даниярды "тос" - демиш болуп, аны алма менен уруп келатты. Алма түгөнгөндөн кийин, биз адатыбызча Даниярга чаң каптатып, жанынан өтө чаап, бир топ узап кеттик. Данияр бизди капчыгайдан чыга бериште гана кууп жетти. Темир жолдун өткүчү тосулуу экен, ачылышын күтүп турганбыз. Бул жерден станцияга бир келдик. Мына ушулардын ортосунда жанагы жети пуддук кап эстен чыгып да калыптыр, оюбузда эчтеке жок, эгинди ташып бүтүүгө жакын калганбыз. Бир убакта Жамийла мени кабыргага түртүп Даниярды карай көзүн кысып, күлүп койду. Данияр арабанын үстүндө турган экен. "Муну кандай кылсам?" - дегендей жанагы чоң капты тыяк-быягынан карап, Жамийланын күлкүгө какала түшкөнүн байкай койгондо, заматта кумсарып түнөрдү, - сынап жатканыбызды түшүндү окшойт.

- Ай, неме, ыштаныңды өйдө тарт, шыпырылып калбасын! - деди, кыткылыктап тамашалаган Жамийла. Данияр аны жаман көзү менен акырая бир карап алды да, капты нары-бери булкуп, арабанын кырына тургуза салып, бир колу менен сүйөй берип жерге секирип түштү. Биз "а-бу" дегенче болбой зылдай болгон капты жонуна силкий көтөрүп эңкейген Данияр, кампаны көздөй басты. Адегенде, биз кантер экен деп, байкамаксан болуп, сыр алдырган жокпуз. Башкалар болсо, Даниярга сыра да көңүл бурушкан жок: элдин баары кап көтөрүп жүрбөйбү, ким менен кимдин иши бар эле. Данияр трапка жакындай келгенде, Жамийла артынан жетти:

- Муну кайда алпарасың, соосуңбу, ташта ушул жерге, тамашаны түшүнбөйсүңбү?

- Тур нары! - деп, Данияр аны кагып салды.Шагы сынган Жамийла күлүмүш болуп эле, тиги трап менен өйдө чыга баштаган Даниярды артынан карап:

- Карасаңай, өлөрманын, көтөрүп бара жатат! - деп, айыптуу немедей бүдөмүк күлүп, сүйлөндү. Жамийла ошол бойдон кыткылыктап күлө эле берди, бирок барган сайын анын күлкүсү суз тартып, ал өзүн-өзү зордоп күлдүргөнгө окшоп жатты. Данияр тигиндей барып эле, жарадар бутуна күч келип, аксай баштаганда, биз аны кандай азапка салганыбызды ошондо түшүндүк. Даниярдын буту жарадар экенин эмне үчүн мурда ойлободук экен? Ай менин балалыгым ай!

- Муну ойлоп чыгарган шойкон мен эмес белем!

- Кайт артыңа! - деп жиберди Жамийла, күлкү аралаш кыйкырып. Бирок, артка кайтууга да кеч болуп калган, Даниярга удаа кап көтөргөн кишилер чубай келди.Мындан ары эмне болгонун эсим чыгып, өзүм да жакшы билбей калдым. Менин бир көргөнүм эле Данияр. Көз алдымда ошол сабадай лыкыйган чоң карала кап. Данияр анын астында бүгүлө ийилип, трап менен өйдө чыгып бара жатат. Жарадар бутун ал сүйрөй сылтып, ага канча күч келтирбөөгө аракеттенген менен, улам жаңыдан кадам шилтегенде ооруганына чыдабай тиштене калып, башын чулгуйт. Данияр жогорулаган сайын, үстүндөгү зор карала кап, жонуна минип алган жандуу немедей, аны оңдон солго теңселтип жатты. Жеңем экөөбүздүн бул ойлобой кылган кылмышыбызга ушунчалык уялып эсим чыкканынан денем өлүп, калчылдап кеттим. Данияр эмес кап көтөргөн мен, ошол сыздап ооруган ок тийген бут меники сыяктуу, ал теңселгенде кошо теңселгенсип, көзүм караңгылап жатты.Тигине Данияр токтой калып, ээрдин кесе тиштеп, көзүн жумду. Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткансыйт. Бир оокумга эсим оогондой, эчтеке билбей калдым.Кимдир бирөө билегимден карыштыра кармап, сындырып жиберчүдөй болду. Мындай карасам Жамийла экен. Өзү жууган чүпөрөктөй бопбоз, эриндери мурдагы күлкүнүн элесин сактаган бойдон чала ачыла берип, көзүн Даниярдан албай, телмирип калыптыр. Биздин жаныбызга кампачы да, башкалар да жүгүрүшүп келишкен экен. Алар да эмне болгонун жакшы түшүнө бербей, Даниярды карашат. Мына Данияр жүрүп бара жатып, ылдый жылбышкан капты оңдойм деп, аны өйдө силкти эле, туруштук бере албай тизелеп жыгыла баштады.

- Ташта! Ташта капты! - деп кыйкырып жиберди Жамийла. Данияр тил алган жок. Капты алда качан эле траптын четинен кулатып жиберсе болмок, ал анда арттагыларды да коюп кетпес эле, бирок өжөрүп көгөргөн Данияр аны кылбады. Жамийланын үнүн укканда, ал кайра чымыркана калып, илгери умтулду. Азыраак барып, дагы кетенчиктеп теңселе бергенде, кампачы жаны чыккандай бакырды:

- Ташта, ташта дейм, иттин баласы!

- Ташта! - деп, башкалар да кыйкырышты. Данияр бул жолу да өз дегенин бербей, нарыдан бери уруна, чайпалып, алга басты.

- Ой, мунуң таштабайт, айтты дей бер! - деди тургандардын бири, ошого көзү жеткен немедей колун шилтеп. Жалгыз ал гана эмес, жаныбызда тургандар да, кап көтөрүп артынан Данияр менен кошо чыгып бара жаткандар да, бул иштин тегин эместигин, мында бир сыр бар экенин, Данияр кап менен кошо кулап түшпөсө эле, ал аны эч убакытта коё бербесин түшүнүштү окшойт.Бир оокумга сөз жок, үн жок унчукпай калышты. Кампанын сыртында эшелонду ордунан козгоп, паровоз күүлөнүп вагондорду кагыштырууда. Өргө жүк сүйрөгөн аттай жата калып, Данияр траптын бийигинде. Теңселип жыгыла баштаганда, ал токтой калып күч жыйнап, кайра алдыга утурлайт. Даниярдын артынан келе жаткандар анын ыгына көнүп, ал токтогондо туруп калышып, ал басканда басышат. Даниярга каралап, алар да кубаттан тайып, кара терге түшкөн. Бирок, бири дагы аны сен деп, ооз ачып тилдеген жок. Ашуунун тайгак жолунда бирине-бири келе жаткандай: кап көтөргөндөр үнсүз тилсиз аракетте. Эгерде бири жаза тайып учуп кетсе, башкалар да анын артынан учуп кетчүдөй сезилет. Алардын ушул үнсүз кыймылында кандайдыр оор салмак, бир ооздон чыккан дем бар: Даниярга удаа келе жаткан аял буту чалыгып, жыгыларына аз, бирок ал кудайдан өзүнө эмес Даниярга кубат сурап, ал үчүн арбактарга сыйынып жаткан өңдүү ага боор ооруп карайт. Мына эми аз эле калды, Данияр дагы чымырканса, траптын түз жерине жете бара тургандай. Ушул учурда алдан кеткен Данияр жарадар бутун аярлаганга чамасы келбей шалактап үстүндөгү капты коё бербесе, жыгылганы эле калды.

- Жүгүр! Артынан сүйөп жибер! - деди мага Жамийла, өзү болсо Даниярды тосуп алчудай, шашканынан ага колун сунуп көтөрдү. Мен трап менен өйдө жүгүрдүм. Кап көтөргөндөрдүн арасынан сыгылып, көйнөгүмдү мыкка айрытып, Даниярга жете бардым. Жонуна жүк аркалап, эңкейген калыбында Данияр колтуктун астынан мени бир карап алды. Бетинен жыш тер куюлуп, маңдайындагы кан тамырлар жарылып кетчүдөй кабарган, көзүндө - каар менен жаш толгон. Даниярга жардамдашайын деп умтулдум элем:

- Тур нары! - деп ал заардуу киркиреп, анан капты өйдө силкип, жанын оозуна тиштегендей, акыркы күч менен андан-мындан аттап, алдыга жүткүндү. Шишиген салмактанган колдору шалдырап, бутун сүйрөп Данияр траптан түшкөндө, төмөндө күтүп турган эл, унчукпай тең жарыла берди. Жалгыз гана кампачы токтоно алган жок. Ачуусу келген бойдон ал Даниярга жулкунду:

- Сен эмне бала, жиндеп кеттиңби, яа? Же мен ошончо ит белем: бир ооз айтсаң, алдагы жерге эле төктүрүп салбайт белем? Ким айтты сага ушундай каптарды көтөрсүн деп?

- Ишиң болбосун, өзүм билем, - деди Данияр жай гана, анан чырт түкүрүп коюп, арабасын көздөй басып кетти. Жамийла артынан шыбырады:

- Тамашаны түшүнбөгөн акмак! Ушуну айтканы менен өзү башын өйдө көтөргөн жок. Данияр аны уктубу, укпадыбы, бирок азыр кайрыла калып, бизге эмне десе да, жеңем экөөбүз анын бетин тик карай албас элек.Айылга кайтып бара жатып, жол катары бирибиз да ооз ачып сүйлөгөн жокпуз. Данияр үчүн бул көнүмүш иш, - ал ансыз да сөзгө сараң, ошондой болсо да бүгүнкүсү бизге катуу тийип жатты: же анын биротоло жүз карашпай таарынганы ушубу, болбосо ак көңүлдүк кылып, жанагы болгондорду алда качан унутуп койдубу, айтор ким билсин аны? Биздин унчукпаганыбыз го түшүнүктүү: бир чети уялгандан жерди карап, бир чети - ороюраак болсо да, арам санатайы жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык.Эртең менен эгинди капка салып жатканда, Жамийла жанагы кырсыктуу карала капты алды да, буту менен басып туруп, тигиштерин эки колдоп айрып-айрып жиберди. Бөлөк-салагы чыккан таарды ал таразачынын алдына ыргытты:

 - Ме, ал алдагы таарыңды! Бригадириңе да айтып кой, экинчи мындай капты берчү болбосун!

 - Ой, сен өзүң соосуңбу, бул эмнең?

- Эчтеке эмес!..

* * *

   Ошонун эртесинде күндөгүдөй станцияга келип, кашкарайганда кайра айылга жол тарттык. Данияр алдыбызда кетип бара жаткан. Анын таарынчысы, ызасы жазылдыбы биле алган жокпуз. Аны билүү да кыйын эле. Ортобузда эчтеке болбогонсуп, Данияр мурдагыдай эле бир сырдуу, токтоо мүнөз. Болгондо, кечээ ал жаратын аябай эле кокустатып алса керек, демейдегиден катуураак аксап, өзгөчө кап көтөргөндө кыйналып жүрдү. Ал эчтеке дебесе да, биз күнөөлүү экенибизди бассак-турсак да эске салып, көңүл оорутту: Деги эмнеси болсо да, Данияр бир ооз тамашалап, күлүп койсо, ушуну менен бардыгы өз жайына келип, унутулуп да калат эле.Жамийла болсо, ал дагы өз намысын бербейт, оюнда эчтеке жоктой сыр алдырбай, күлүмүш болуп, сыртынан жайдары. Ушинткени менен нары жагында капаланып, кейит чеккени сезилип эле турду.Мына ушинтип, биз айылга кетип бара жаттык. Чиркин, ошол күнкү түн бөтөнчө жаратылгансып, эң эле көрктүү болду.Ким билбейт, жайдын толгон кезиндеги август түндөрүн! Асмандагы жылдыздар алыста турганы менен, ар бири өңүнө чыгып, алаканга салгандай ар бири өзүнчө нур төгүп, чет-четинен бүлбүлдөгөн күмүш кыроо чалып, асмандын тиги капталына жайнап кири жок жадырап карашат. Жылдыздар ушинтип толгондо, биз капчыгай аралап келе жатканбыз. Аттар салкынданып, үйдү көздөй көңүлдүү жортууда. Араба качыр-кучур дүңгүрөп, ташка тийген такалардан учкун чагылат. Капчыгайга сырттан келе берген сыдырым талаанын алда кайсы жеринен бүрдөгөн эрмендин кермек-ачуу чаңын учуруп, аңызда шамалдап жаткан самандын билинер-билинбес коңур жытын лепилдетип, жол катары шыралжын буруксуп, ушунун баары терге жибиген камыт-шлиянын кара май жытына аралашып, адамды эңги-деңги мас кылгансыйт. Жол үстүнө үңүлгөн аскалар кыйгач көлөкө таштап, нары сайдагы бадалдын арасында Күркүрөө жаны тынбай алдастайт. Тээ артта калган темир жолдо поезддер көпүрөдө нары өтүп, бери өткөн сайын жаңырык эрчитип, гудокторду алыска-алыска созолонтот. Ушундай түндө жол жүргөн кандай жакшы! Караңгыда термелген аттардын жондорун карап отурсаң, ушул түнкү дабыштарга кулак салып, ушул түнкү жыттарга мас болсоң кандай жыргал! Жамийла ошондо менин алдымда кетип бара жаткан. Тизгиндерди бош коё берип, ал эки жагына көз сала, акырын гана кыңылдап ырдамыш болот. Биздин унчукпай, сүйлөбөй келе жатканыбыз анын көңүлүн басынтып жатты. Мен аны билип эле турдум. Чын эле ушундай түндө да унчукпай коюш болобу? Адам деген тилдүү, жандуу болсо, анан табийгаттын ушул көрүнүшүнө жооп бербейби? Айткандай эле, Жамийла тынч отуралган жок: акыры үнүн көтөрүп ырдап жиберди. Менимче мунун дагы бир себеби болду го дейм: Жамийла ушинтип Даниярдын таарынчысын жазып, капасын ачмак. Кээде адамдар бириникин бири кечиргени эле турат, бирок ошого болор-болбос да алгачкы түрткү керек эмеспи. Мүмкүн, Жамийланын оюна ушу кеттиби, иши кылып ал ынтасын коюп, ичке, шыңгыраган үн менен, көңүлдөнүп ырдады." Шай оромол бир байлам,Жанымда жүрсөң садагам..." - Деген сыяктуу секетбайлар Жамийлада толуп жатат. Аны угуп отуруш да өзүнчө бир жакшы. Ырдап келе жатып, Жамийла бир убакта алдыда бара жаткан Даниярга кыйкырды:

 - Ой, сустайган неме, ырдап койсоң болбойбу? Жигитсиңби өзүң, же өлүксүңбү? Данияр арабасын токтото берип, бери кайрылды да уялгандай үн менен:

- Ырдай бер, Жамийла, кулак сенде! - деп койду.

- Башка эл эмне кулагын шыпыртып салыптырбы? - деди Жамийла кекете какшыктап. - Ырдабасаң жөн кой, бой көтөргөнүн мунун! Анан: "сен ырдабасаң мен ырдайм" - дегендей эрегишип, кайра өзү ырдады. Ал эмне үчүн Даниярды ырда дегенин ким билет, же ушуну менен аны сөзгө алаксытмак болдубу? Менимче ошондой болуш керек, анткени бир аз өткөндөн киийн, Жамийла Даниярды дагы үндөдү:

- Ай, Данияр, деги сен бирөөнү сүйдүң беле? - деп өзү эмне үчүндүр күлүп жиберди. Данияр жооп берген жок, Жамийла да унчукпай калды. Бир азга капчыгай ичи тынчтана түштү. Дөңгөлөктөр гана дүңгүрөп, аттар башын чулгуп, бышкырынат. "Ырдай турган кишини тапкан экенсиң!" - деп, күлүп койдум мен.Жолдун туурасын кесип, шаркырап аккан сууга жеткенде, Данияр арабаны жайыраак айдап, күмүштөнгөн кечиттин таштарына такалардын чакылдап урулганын, атайын эңкейип тыңшай калды. Анан бир убакытта "чу" - деп, аттарды желдирди да, күтпөгөн жерден:Ой, Ала-То-о-о, Ала-То-о-о, Ата-бабам өскөн жер!- деп, араба секиргенде кошо секирип, дирилдеген үн менен ырдап жиберди. Бирок, ошол замат уялып кетти окшойт, үнү мукактанып, чыкпай калды эле, кийинки эки сапты, ал көкүрөгүн абага толтуруп, обонун бийик көтөрүп ырдады:Ой, Ала-То-о-о, Ала-То-о-о, Ак булут калкып көчкөн жер!Эмне болгонун билбейм, бул жерден ал дагы мурчуй түштү. Ошол бойдон унчукпай да калды. Ай, уялчак киши курусун, андан көрө ырдабай эле койбойбу! Кудай билет, бети дуулдап өрттөнүп кеткен чыгар, ал эмес, ал үчүн мен да оңтойсуздана түштүм.Анткен менен, Даниярдын ушул эле ооз ачып ырдаганынын өзүндө кандайдыр сонун, укмуштуу обон бар экени дароо эле сезилди. Үнү да мыкты көрүнүп калды." Тигини!" - дептирмин мен таң калып. Жамийла болсо тимеле кыйкырып жиберди:

- О, кайран неме, башта кайда элең? Ырда эми, жөндөп ырда!Данияр унчукпай келе берди. Алды жакта капчыгайдын чыга бериши агарып, өрөөндөн келген жел бетке сокту. Жана баштаган обонду Данияр дагы улантса экен деп, чыдамсыздык менен күттүм. Бир аз өтө түшүп, ал кайра ырдаганда, мен чындап эле сүйүнүп кеттим.Адегенде Данияр мурункудай эле үнү кысталып батына бербей акырын баштады. Бирок, бара-бара үнү ичтен күч алып, арышын кең таштап, чабыты толгондо, капчыгай ичи баштан аяк жаңырып, алыскы аскалар Даниярдын обонун эки үч кайтара улантып жатты. Анын үнү дагы чыйралып күчөй берди. Ошондо шаңшып созолонгон үнү гана эмес, Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып жакасын карматты. Ушунун өзү эмне экенин аны эмне деп айтарымды билбедим: ырчынын көмөкөйүнөн чыккан үн эле, же болбосо андан башка, жүрөктүн өзүнөн оргуп төгүлгөн дагы бир нерсе барбы? Ал өзү эмне, ал эмне адамдын жанын эргитип ой-кыялын ойготкон? - азыр да айта албайм.Атаганат, колдон келсе кагазга жазып отурбай, бул укмуштуу обондун өзүн салып берсем кана.Анын ыры сөзү жок эле үн менен обон. Анда-санда гана бир ооз сөз айтып коюп, анан бир топко чейин жөн эле үн салып демин тартпай безеленет. Деңиздин толкуну удургуп каптагандай, төктүрмө обон ташынып, анын сөз айтууга чамасын келтирбей жатты. Бала болуп мен мындайды эч качан угалек элем. Бул өзүнчө тубаса үн, тубаса обон. Жүрөгү зор адамдын ой-санаасын, кубанычын, тилегин баяндаган зор обон! Ал кыргызча, казакчага да окшобойт, бирок тыңшап отурсаң, бул обондо байыртан бир боордош кыргыз менен казактын тандалган төл обондору ширетилип кошулгандай туюлат. Обон, бирде, казактын учу-кыйры жок ай талаасындай, кенен агымда жайкалып көйкөлсө, бирде кыргыздын зоокалуу тоолорундай, бийик заңгырап көкөлөйт. "Капырай! " - деп жаттым мен.

- Данияр ушундай экен да? Капырай, анын мындайы кимдин оюнда бар эле?Капчыгайды басып өтүп, жолу даңгыр, жайкалган өзөнгө чыкканда, Даниярдын ыры көкүрөк черин жазып, жаңы күч менен талпынды. Өмүрү угуп көрбөгөн кереметтүү обондор, бирине-бири куюлушуп, биринен бири өтүп алмашууда. Даниярга бүгүн эмне болгонун түшүнбөй жаттым. Так ушул бүгүн, так ушул саатта ай-күнү жеткендей, ичтеги бук болуп камалган бардык сырын, байлыгын Данияр мына азыр ачыкка чыгарып, алтын чачыладай төгүп берди. Мына эми гана мен Даниярдын эмне үчүн маңыроо сыяктанып, элге күлкү болуп жүргөнүн, эмне үчүн кечкурунда кароол дөбөгө чыгып барып, өзү жалгыз кыялга батып отурганын, эмне үчүн шаркырап ташынган суунун боюна түнөп жүргөнүн, эмне үчүн кандайдыр угулар-угулбас дабыштарды тыңшагансып, ошондо кашы өйдө серпилип, көзү кубанычка толгонун, мына эми гана бир чети түшүнгөнсүдүм. Бул адам, жүрөгүнө чоң сүйүү алып жүргөн адам! Анын бул сүйүүсү, менин оюмча, канчалык ысык көрүп, шыгы түшкөн жалгыз бирөөгө гана арналган сүйүү эмес, кандайдыр андан да зор, андан да алп, турмуш-жашоонун өзүнө, жан берип, жан жараткан ааламдай жерге, жарык дүйнөгө болгон өлчөмү жок чоң сүйүү! Көрсө, ал ушул сүйүүнү көкүрөгүнө сактап өчүрбөй, ошону менен жашаган адам экен. Эгерде андай эмес башкача болсо, эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз болсо, жаратылыш аны кандай гана таңдайы жок обончу кылбасын, ал азыр минтип ырдай албайт эле.Даниярдын обону ушул кезде түнкү өзөндүн үстүнөн жайыла каалгып, көзү илинип, мемиреп бара жаткан кең талаанын бешигин алдейлеп терметкендей, алыска жумшак созолонуп, акырындап өчөрүндө жаңыдан безелене үн алып, талыкшып уюган жерди кайра ойготуп, уйкусун ачат. Өзү дем берип, өзү жараткан ырчыны ойгонгон албан талаа кулак салып, тыңшап жатты. Тигине арык бойлой жарданып, оро күткөн эгиндер ай жарыгында күүгүм көлөкө ойнотуп, үстү-үстүнөн көлкүлдөп ыргалат. Жолдон окчун жерде эски тегирмендин кыркалекей теректери жалбырак дирилдетип, алда эмнени угузбай шыбырашкансыйт. Суунун аркы маңдайында, белес-белесте кырманчылар от жагышып, эртеңки көжөсүн кайнатууда. Тигине, кимдир бирөө алда кандай иш менен шашылып, кокту бойлой далбалаңдап, кыштакты көздөй чаап бара жатат. Алдыда кыштактын бак-дарагы дүпүйүп, андан келген жел эзилип бышкан алманын ширесин, сото кучактап гүлдөгөн жүгөрүнүн балыр-таттуу дүмбүл жытына, короолордо жайылган тезектердин жылуу демине аралашып, аңкытат. Данияр дагы көпкө чейин обон салып, ырдап келди. Чалкыган август түнү аны тыңшап, обонго арбалагандай терең тынчтыкта уюп магдырады, ал түгүл аттар да, арабаларды жай терметип, жай басышты. Мына ушинтип, адамдын денесин балкыта, толукшуп ырдап келе жаткан Данияр бир убакытта үнүн бийик закымдата келип, ырын чорт токтотту да, аттарга ала-сала камчы уруп, айдап жөнөдү. Менин оюмда Жамийла дагы анын артынан түшөт экен деп, тизгиндерин жыйып, алардын соңунан калбай утурламак болдум, бирок Жамийла козголуп да койгон жок. Башын бир жагына кыйшайткан калыбында терең кыялга чөгүп, нес болгон сыяктуу ошол бойдон былк этпей отура берди. Обондун абада калган учкундары дагы эле көкөлөп жүргөндөй. Жамийла аны сыйкырланып тыңшагансыйт. Данияр ушуну менен токтобой, бир аздан кийин көрүнбөй калды. Биз болсок айылга жеткенче бир ооз да сүйлөшкөн жокпуз. Анын себеби: адамдын ичтегисин сөз менен айтып берүү кээ бир учурда колдон келе бербейт го дейм...Ушул күндөн тартып биздин турмушубуз бир түрлүү жаңы бир нерсе кошулгандай болду. Мени дайыма алда эмнеге сонуркатып, кандайдыр жакшы сезимдер жүрөгүмө толуп, өз алдымча сүйүнтүп жүрдү. Эртең менен кырмандан жөнөгөндөн тартып, станцияга келип, кайра жолго чыкканча, капчыгайга качан жетер экенбиз деп, кечки салкын менен төгүлгөн Даниярдын обонун угууга ынтызар болуп, чыдамым жетчү эмес.Анын үнү, анын обону менин кулагыма сиңип кайда бассам турсам да, артымдан калбай кошо ээрчигенсийт. Бул обон, күндүн мурду кылтыйып жаңы көрүнөрүндө, саманда жаткан жеримден тура калып, жылаңайлак, жылаңбаш шүүдүрүм беде менен, сайдагы тушалган аттарды көздөй чуркаганымда, жүрөгүмдө күү чалып угулгандай. Мөңгүлүү кыр аркадан төгүлгөн күн, аны билгенсип, мени карай күлүмсүрөп жаркырайт. Күрөккө ченей сузуп, алтын жаандай чачыратып, кызыл сапырган чалдардын кыймылында да, сары-күрөң өзөндүн үстүнөн, асманда жай баракат керилип айры куйруктун каалгып учушунда да, бул обон угулат. Ошондо мен көрүп, мен угуп, мен сезгенимдин баарында Даниярдын обону жүргөнсүйт. Ал эми кечинде, капчыгай менен араба айдап бара жатканыбызда, мен башка бир укмуштуу дүйнөгө көчүп кеткендей болчумун. Даниярдын ырына кулак салып, көңүлүм толкуп ыргалам. Ошондо эне сүтү менен каныма сиңип, жаштайымдан тааныш болгон көрүнүштөр көз алдымдан чубап өтөт. Бирде, үлбүрөгөн ак-боз булуттар көгүлтүр асманда айылдын үстүнөн жазгы көч жүргүзүп, бирде жер дүңгүрөтүп кишенешкен жылкы, үйүр-үйүрү менен жайлоого сабалап, азый чыкма айгырлар көкүлдүн астын албууттанган от ойнотуп, үйүрүн кызгана чарк айланып, элирип азанашат. Бирде, капталга койлор жайыла тартып, бирде, бийиктен кулаган көбүктүү шаркыратма күпүлдөп, бирде, эргиген кең талаа жайкалып, чийлердин арасында чөгүп бара жаткан күн мелтилдеп, асман менен жердин кошулган жүлүндөй жигинде жалгыз атчан күндүн артынан чапкылап, аны азыр колуна кармап алчудай жакындап барып, күн менен кошо куйкум иңире эрип, көздөн кайым болууда. Ой, айланайын кең талаам! Казак боордошум жердеген, алп талаам! Мынакей, биздин тоолорду эки жакка керип таштап, чий менен шыбакка ыргалып, көз жетпеген деңиздей көлкүп жатасың. Ким билет сендеги жаткан күчтү! Жарыктык, сыртыңдан карасаң, эч бир жан жоктой бозоруп жатканың жаткан. Бирок, кечеги эле кеткис жайда согуш башталып, душмандар өлкөбүзгө кол салганда, туш-туштан талаада оттор жалындап, туш-тушка чабармандар ат коюп, жоокерлер минсин деп, айдаган канаттуу күлүктөр ысык чаң тумандатып, дүбүртүнөн асман чайпалды. Ошондо аркы өйүздө токтой калган кабарчы казак, ат оозун жыя:- Аттан, кыргыз аттан! Жау келди! - деп чуу коюп, саратан куюунга аралаш дагы да алда кайда чапкылаган. Ошондо кең талаам, өзөнүм, тоолорум силкинип, өз элин атка мингизди. Ат жалын бура тартып, жигиттер жабыла аттанганда, жер толкунуп, жоо күүсүн чалды. Өрөөнгө батпай, миңдеген үзөнгүлөр кагышып, түмөндөгөн миң сан жоокерлер чырактай көздөрүн жалындатып, эл менен, журт менен коштошту. Алардын алды жагында кызыл туулар желбиреп, арт жагында, - туяктан чыккан чаң менен ый аралаша, энелер, жубайлар боздошот: "Кең талаа, колдо! Касиеттүү тууган жер колдо! Манас, колдо!" - О, айланайын кең талаам, тоолорум, элиме ушул күч кайратты берген касиетиңден силердин! ..Мына ушунун бардыгын Данияр обонго салып, көз алдыма сүрөт тарткандай, укмуштуу чоң дүйнөнүн көркүн ачып көрсөтөт. "Капырай, ушунун баарын ал кайдан үйрөндү, кайдан укту экен?" - деп таң калып кызыгам.

Ошентсем да, өз эл-журтун, тууган жерин мындай сүйгөндүк, мындай өлчөмү жок сагынуу, көп жылдар бою алыста, четте жүрүп, көрүүгө зар болуп, эңсеген адамдын жүрөгүндө гана жаралып, пайда болорун өз акылымда түшүнүп да жүрдүм. Мен үчүн Даниярдын бул обондорунда анын жер кыдырып, жол-жолдо жетимче жүргөнү да, Россиянын көп азаптуу кан майдан талааларын басып өткөндөрү да эстетилүүчү. Мүмкүн, Ата Мекен жөнүндөгү ушул жалындуу обондор ошондо туулган чыгар. Мындай учурларда, Даниярды угуп отуруп, астындагы боз топурак кең талаа жерди, адам баласы ушунчалык сүйгөнү үчүн, жата калып аны өз энеңдей бек кучактап, өпкүлөгүң келет. Мына ошондо биринчи жолу менин жүрөгүмдө кандайдыр жаңы бир нерсе ойгонуп, көкүрөктү дегдеткен эңсөө кыстап, мен дагы ушул жер келбетин, жер көркүн Даниярча сезе билип, сүйө билип, мен дагы ушинтип эле айтып берсем экен деп тиледим. Өзүм да жакшы түшүнө бербеген белгисиз алда эмненин келерин күтүп, ошого сүйүнүп да, сүрдөп да жүрдүм. Ошол белгисиз күтүү, түшүнүксүз эңсөө чыгармачылыктын алгачкы чакырыгы экени, келечекте мен турмушту боёктор, сүрөттөр аркылуу көрсөтүүгө аракеттене турганымды анда билген эмес экенмин. Сүрөт тартууга кичинемден эле колум эптүү эле, окуу китептериндеги сүрөттөрдү карап отуруп окшоштура тартканымда, балдар: "Ой, ит оой, куду эле өзүндөй, карачы!" - дешип мактай турган. Мугалимдер да мектептеги дубал газетаны мага кооздотушчу. Бирок, кийин барып, сүрөт тартууну эстен чыгарууга туура келди. Согуш башталып, агаларым аскерге кеткенде, мен окууну таштап, өз курдуу теңтуштарым менен колхозго иштеп кеттим, - сүрөт деген кимдин оюна келсин анда. Ал кезде сүрөтчү болуу ойдо да жок иш, бирок ошондо эле Даниярдын обондору менен кыялымды толкутуп, турмуштун көркүн сезүүгө талпынтты... Өңүмдө эмес түштөгүдөй бул таттуу кыялга эңги-деңги берилип, дүйнөгө жаңы туулуп, көзүм жаңы ачылгансып, ушул айлана аймакка суктана таңыркап карадым. Мен үчүн мунун өзү турмушумдагы чоң окуя сыяктанды. Ал эми Жамийланын өзгөрүлгөнү эмне! Баягы тамашакөй, шайыр мүнөз келин эмне үчүндүр жоошуй түшүп, анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт. Жолдо кетип бара жатканыбызда, Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, ээрдинде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып, ал өзү гана билген кандайдыр жакшы бир нерсеге ичи жылыгансып, ошого сүйүнгөн өңдүү туюлат. Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай, капты арабадан ийнине силкип алып, ошол бойдон ордунан козголбой туруп калат. Оргуштана аккан суу алдынан кокус кездешкендей, ушул шок сууну кечсемби, же кечпесемби деген сыяктуу, Жамийла ошондо илгери аттагандан коркуп, дал болуп апкаарыйт. Даниярга болсо, ал эмне үчүндүр жакын жолобой, көзүнө тик кароодон качып, сырттап жүрдү. Жамийла ага мурункудай эле назар салбагансып, тоотпой коюуга канчалык аракеттенсе да, акыры бир жолу кырманда, айласы кургандай, Даниярга кыжырлана сүйлөдү:

- Алдагы үстүңдөгү көйнөгүңдү чечсең боло! Берчи бери жууп берейин! Көйнөктү сууга алып барып жууду да, жашаңга жайып коюп, өзү жанына отуруп, көйнөктүн бырыштарын жазган өңдүү, аны көпкө чейин алаканы менен акырын сылап отурду. Кээде ал көйнөктүн тозулган ийиндерин күнгө салып, муңдана тиктеп, эмнегедир кейигенсип башып чайкап жатты.Ушул кийинки күндөрү Жамийла бир эле жолу баягысындай шаттана каткырып, көздөрү жайнап, кадимкисиндей шаңдуу болду. Ал күнү иштен келе жаткан жоон топ чөпчүлөр кырманга кайрыла калышты эле. Арасындагы аскерден кайтып келген жигиттер:

- Эй, байлар, буудай нанды өзүңөр эле жей бересиңерби, бизге берериңер кайсы, болбосо сууга салабыз! - дешип, айрылары менен тап берип, тамалашап айбат кылышты.

- О-о, кайран көсөлдөр, аныңардан коркор кырманчылар бекен! - деп, Жамийла жагалдана тура калды. - Мына сый келген келин-кыздарды сыйларбыз, силер жөнүңөр менен болгула! Жигиттер шылтоо таба албай эле турса керек, ого бетер күчөштү:

 - Андай экен кыз-келиниң менен кошо баарыңарды суга салабыз! Ошол замат шапа-шуп кармаша кеткен жаштар, кыйкырык сүрөө менен бирин бири кийимчен, өтүкчөн бойдон сууга сүйрөшө баштады. Ушул оюн-тополоң ичинен Жамийла баарынан шаңдуу кыйкырып:

- Тарт, кокуй, өлбөгөн жерде калалы! Карма! - деп жигиттер менен шамдагайлана алышып, эч кимисине моюн бербей жатты. Анын үстүнө ушунча кыз-келиндин ичинен жигиттер жалгыз эле Жамийланы көргөнсүп, эмне үчүндүр ар кимиси Жамийлага эле асылып, аны бегирээк кучактап, кысууга аракеттенишет. Бир убакытта алар үчөөлөп жатып, Жамийланы жерге жыгышты да, туш-тушунан кармап, сууга алып жөнөштү.

 - Өпкүн азыр, болбосо кеттиң сууга! Өпкүн! - дешип, жыргап каткырган жигиттер

Жамийланы жээктен эңкейте беришти.

- Карма, балдар! Ал күүлө! Боору эзилип күлгөн Жамийла балыктай колго токтобой ийилип, келиндерди жардамга чакырып кыйкырат, бирок тигилер чый-чуй этип чыркырашып, сууга аккан жоолуктарын кармоо менен алек. Жигиттер Жамийланы күүлөп туруп сууга ыргытканда, дуу жарылган күлкүгө суу дагы дуу жарылып, күмүштөй чачырандылар бүркүлдү. Али да күлкүсү тыйылбаган Жамийла, суудан күлө тура калды. Ошол чачы саксайган, суу бойдон ал мурункусунан да сулуу көрүндү. Чыт көйнөгү эт-этегине жармашып, мүчөсүн кыналып сүрөттөгөндөй, тирсейип түйүлгөн эмчектен тартып, белине чып бурала, соорусунан жылгаланып, чың булчуң сандарына оролгон. Жамийланын аны менен иши жок, күлкүгө ыргалып, бети башынан, үстүнөн шоргологон сууну да байкабайт.

- Өпкүн азыр! Өп! - дешет, аны бура бастырбаган жигиттер. Жамийла эркелеп, акебайлап аларды өөп да жатты, бирок тигилер ага карабай ансайын сууга күүлөтүп ыргытышат. Жамийлага ушунун өзү жагып жатты бейм, кайра эле тура калып, кайра эле күлкүгө боору катып, бөйрөгүн таяна жыргап күлөт. Жаштардын бул ойнуна кырманда күлбөгөн адам жок. Эгин сапырган чалдар күрөктөрүн таштап, ушул кезде баягы кайран жыйырма бештегидей, беттеринен күрөң бырыштары жазыла берип, көздөрүнө мурунку шайырлыктын оту жанданып, алар да алаканын шак чаап: "О, кокуй, карма, жет! Этектен бура тарт!" - дешип, көкбөрүдө улак тарткансып кызуулана кыйкырышып жатты. Мен дагы кызыкка батып, аябай күлдүм. Бул жолу жеңемди кызганып, корууну унуткан экенмин. Ушунча элдин ичинен күлбөгөн, унчукпаган жеке эле Данияр болду. Аны көрө койгондо мен да тып басылдым. Кырмандын четинде Данияр өзү жалгыз турган экен. Алдыга жүткүнө бергендей умтулуп, түрү ал азыр жүгүрүп барып, Жамийланы жигиттердин колунан жулуп алчудай. Өзү кол тийгизүүдөн тартынып, мүмкүн перизатындай көргөн Жамийланы, тигилер азыр минтип оңой эле кучактап, жулмалап ойногондору Даниярдын жанына батып жатты окшойт. Анын күйүтү да, бактысы да Жамийланын сулуулугунда болуп жатты. Элден канчалык кызганганы менен, жаркылдап күлгөн Жамийладан көзүн албай, Данияр анын бул жоругуна кейип да, сүйүнүп да, кабактын астынан эркелете көз салып тиштенип карап турду. Жигиттер Жамийлага туш-туштан асылып, беттерин тосуп өптүргөндө, Даниярдын иреңи кумсарып, нары басып кетүүгө аракеттенип эле жатты, бирок кетип кала албай, ордунда каткан бойдон тура берди. Бир убакта Жамийла да анын карап турганын байкады окшойт, шагы сынгандай эле сустая түштү да, анысын билбей дагы эле асыла берген жигиттерди кагып салды:

- Жетишет, оюн бир, тамаша эки!                                         

- Ии, сага эмне болду? - деп, кимдир бирөө ойной каткырып, ансайын күчөп асыла кеткенде, Жамийла аны көкүрөккө түртүп жиберди:

- Эмне болгонду эмне кыласың? Тур нары!Анан ал жагалдана бой түзөп, Данияр жакты жалт карап алды да, бадалдын арасына көйнөгүн сыкканы жүгүрүп кетти.Данияр менен Жамийланын ушул туюк мамилеси акыры эмне менен бүтөрү мен үчүн түшүнүксүз. Чыны, аны кууп ойлоодон коркчумун, кайра өзүмдү алаксыткандай ойлобоско тырышам. Бирок Жамийланын Даниярдан четтеп жолобой жүргөнү жана ошого өзү кайра кайгыланып кыйналганы, эмне үчүндүр көңүлүмдү оорутуп, мени капага салчу. Андан көрө мурункусундай эле кээде күлүп, кээде какшыктап коюп, ачык-айрым жүрсө болбойт беле? Ошентсем да, түнкүсүн айылга кайтып бара жатып, Данияр обон салганда, алар үчүн менин ичим ушунчалык жылып, жүрөккө толгон кубаныч ушунча ташкындайт, жанагынын баары эстен чыгып, мен үчүн анда дүйнөнүн рахаты гана бар. Капчыгайды өтүп, өзөнгө чыкканда Жамийла ар качан арабадан түшүп, жөө басат. Мен дагы анда арабадан түшөм - анткени, обонго эрип шашпай жөө баскан эң бир сонун жыргал! Жолдун чаңы да ошондо бутка мамыктай болуп, жылаңайлак жерде эмес, асманда булут менен кетип бара жаткандай эң бир сонун жыргал! Адегенде жеңем экөөбүз өз-өз арабабыздын жанында басабыз. Анан бара-бара улам Даниярга жакындай берип, так жанына барып калганыбызды өзүбүз да байкабай калчубуз. Кандайдыр көзгө көрүнбөгөн күч адамды Даниярга жетелегендей, эрксизден жакыныраак баргың келип, ушул ырдап жаткан түнт мүнөз, унчукпас Даниярдын чын эле анык өзүбү, эгерде ал болсо, анын ушул кезде жүзү, өңү кандай экенин көргүң келет. Көңүлү толкуп, обонго жаны балкыган Жамийла ар дайым ушинтип, жакындай барганда, өзү да билбей Даниярга акырын колун созчу. Бирок шаңшып ырдаган Данияр аны байкачу эмес. Анын ою, кыялы асманда көкөлөп жүргөндөй, ал кайда бир узакка көз салып, желкесин алаканы менен сүйөй, обондун агымына каалгып термелет. Жамийланын колу ошол сунулган бойдон ылдый түшүп, арабанын кырына барып тийгенде, ал эсине келе түшкөндөй селт этип, колун тарта коюп, ордунан жылбай туруп калчу. Жолдун ортосунда селейип каткан Жамийла, ошондо жүрөктү элжиреткендей, муңга чайылган, жалынычтуу көз караш менен бир топко чейин Даниярды узата карап анан кайра артынан сендиректей келет.Мына ушулардан улам, жеңем экөөбүздүн бирдей тынчыбызды алып, менин да, анын да көңүлүн дегдеткен түшүнүксүз сезим, чынында бирдей эле окшош сезим го деген ой кетчү мага. Мүмкүн, ал сезим башта ар кимибизде билинбей жашыруун болгон чыгар, эми болсо анын күнү тууп, сааты жеткен өңдүү күч алып, жүрөктөрдү билейди. Жумушта иш менен алаксып, Жамийла анча сыр байкатчу эмес. Ал эми, кээ бир учурда кырманда кармалып калып, азыраак эле кол бошой түшкөндө, Жамийла өзүнчө орун таба албай алдастап калат. Бошчулуктан эмне кыларын билбегендей нары басып, бери басып, эгин сапыргандардын жанына бара коюп, аларга атайын жардамдашмакчы болуп, эки-үч күрөк эгинди күч менен бийик ыргытат да, ошол замат шалдырай түшүп, күрөктү четке таштай басып кетет. Саман маянын түбүнө көлөкөлөп отурган болот, бирок анда да ичи бышып чыдабайт:

- Бери келчи, кичине бала! - деп, жалгыз отургандан коркконсуп ар дайым мени жанына чакырып алат.Ушинткенде жеңем мага ичтеги кандайдыр сырын ачып, капасын айтат го деп кетчүмүн. Бирок, ал эчтеке айтчу эмес, тек гана эркелете менин башымды өзүнүн тизесине коюп, узакка кеткен көз караш менен алда кайда алыска тигилип, тикенектей тикчийген чачымды уйпалап, дирилдеген ысык алаканы менен бетимди назик сылайт. Ошондо жеңемдин муңайым кайгы менен санаага толгон жүзүн карап, эмне үчүндүр өзүмдү ага окшоштурам. Анткени, анын да көкүрөгүн кандайдыр туюк эңсөө кыстап, анын да жүрөгүндө жаңы тилектер ойгонгонун ичимден сезип жүрдүм. Менин байкоомдо, Жамийла ушундан коркуп, аны күндөн күнгө өзүнө багынткан сүйүүдөн жазгангысы келет. Бирок, сүйүүдөн дагы танып кете албай анын ыгына көнүүгө мажбур. Мен дагы ушул сыяктуу, бирде туруп, - Жамийла Даниярды сүйсө экен деп, бир туруп, - кайра сүйбөсө экен деп тилечүмүн. Анткени, канча айткан менен Жамийла биздин үйдүн келини, менин бир туугандай агамдын аялы да. Анан кантип эле аны бөлөккө кыяйын. Бирок, ушуну билип эле туруп, эмне үчүндүр мен бул өңдүү ойлорду өзүмө жакын жуутпай алыс куучумун. Мен үчүн анда, башымды Жамийланын тизесине жөлөп, анын күн жыттанган денесинин ысык илебине берилип, көздөрүндө жайылып келе жаткан туптунук жаштын мөлтүрөгөнүн кароо - дүйнөнүн эң асыл рахаты! Андан башка мага эчтекенин кереги жоктой. Жамийланын ошондогу сулуулугу ай! Ичтен ой-санаа сызып, муңайым жарык тарткан жүзү адам канчалык таза экенин, ошону менен бирге канчалык татаал экенин, миң кыял, миң ойдун башын бириктирип, канчалык терең экенин билдиргендей. Ал кезде мен мына ушуларды көзүм менен көрсөм да, түпкү маанисине анча түшүнө бербесем керек. Бирок азыр, нечен күндөр өткөндөн кийин, ошондогуларды элестетип, көп учурда өзүмө суроо берем: балким, сүйүү деген - адамдын бардык сын-сыпаты толуп, аң-сезиминин эң бир жетилип турган курагы чыгар? Ооба, жашоонун так ошол жаркыраган курагында, төкмө акынга шык келген өңдүү, адамга сүйүү келип, ага дем берип, жаңы тилек менен турмуштун жаңы багытын издетип, умтула тургандыр? Мүмкүн, ашыктыктын касиети так ушунда чыгар? Андай дегеним мен ошондо Жамийланын жүзүнө карап, кээ бир учурда өзүм да анын толкундаганына берилгенсип, кандайдыр түшүнүксүз кубаныч менен эңсөө жүрөгүмдү болкулдатып, дегдете турган. Ошондо ордумдан тура жүгүрүп келип, айылдын сыртындагы кең талаага жете барып, жүрөгүмдү дегдеткен ушул түшүнүксүз кубаныч менен эңсөө эмне экенин, анын дабасы эмнеде деп, жайкалган талаанын өзүнөн кыйкырып сурагым келчү. Бул жоопту мен алда кимден күткөнсүп жүрдүм, бирок бир күнү ал өзү эле табылгандай болду.Ал күнү биз адаттагыдай станциядан чыгып, айылга кайтып бара жаткан элек. Асманда жылдыздар төгүлүп, түн кирип калган кез. Айлана жымырап тынч, болгондо Даниярдын обону гана өзөндүн үстүнөн созолонуп, алыска жайылып жатты. Жамийла экөөбүз анын артынан ээрчип келаттык. Бул жолу эмне үчүндүр, Даниярдын обону бөтөнчө бир назик күйүт менен жалгыздыктын арманына толуп, адамдын жүрөгүн эркелетип муңкантты. Көзүмө көз алдынан эле ысык жаш чайылып, тамагым жашка буулду. Жамийла бул жолу колун Даниярга сунуп жакындай барды да, ошол бойдон арабаны карманып, башын эңкейте, ээрчип келе берди. Анан бир убакта, Даниярдын үнү акырын басаңдап келип кайра бийик көкөлөп, түнкү талаага жаңыдан мукамдуу илебин төккөндө, Жамийла башын көтөрдү да, басып бара жатып, арабага ыргып минди. Даниярдын жанына отура калып, козголгондон коркконсуп, колун көкүрөгүнө кыса, отурган ордуна катып калды. Эми эмне болот дегендей туюк ой менен, жолдун четине ылдамдап, мен алардан көзүмдү айрыган жокмун. Жамийла анын жанына отурганын Данияр билген жок окшойт, ага караган да жок, ырдаганын токтотпой уланта берди. Бир аздан кийин Жамийланын колдору акырын жазыла берип ал Даниярга бой салып, сүйөнө калды да, башын секин гана анын ийнине койду. Ошондо кызуу келе жаткан төкмө жорго жүрүшүнөн жаңылып, кайра ошол замат оңолуп кеткен сыңарындай Даниярдын үнү мүдүрүлө түшкөнсүп үзүлүп, кайра жаңыдан шаңшып, күч алды.Бул обон башкаларга окшобогон ашыктыктын, махабаттын жаңы обону болду! Түн эки жакка сүрүлүп, өзөнгө жарык төгүлүп, талаанын гүлдөгөн бети ачылгандай, ушул кең талаанын ортосунан мен сүйүшкөн эки жашты көрдүм.Алар мага назар салбаса да, мен алардан көзүмдү түшүрбөй, сыйкырланган өңдүү келаттым. Сүйүшкөндөрдүн мени менен эмне иши болмок эле, мен эле эмес, дүйнөнүн баарын унуткандай, алар тек гана өздөрүнчө жан эргиткен обондун агымына көйкөлүп, термелип келе жатышты. Мен аларды карап Жамийла менен Даниярды тааныбай жаттым.Булар, мен башта көрбөгөн кандайдыр жаңы, укмуштай бактылуу кишилер эле!

- Ооба, анын бири, - көзү караңгыда оттой балбылдап, эски солдат көйнөгүнүн жакасы жакжайып, талааны жаңырта шаңшып обон салган Данияр эле!

Ооба, анын бири, - Даниярга эркелеп, унчукпай бой салып отурган менин жеңем Жамийла эле! Чексиз бакытка жеткендей, Жамийланын кирпиктерине жаш мөлтүрөп, каректери жылтылдайт. Чын эле бакыт деген ушул эмеспи? - ушул гимн өңдүү ааламдай обонду жараткан, жер отонуна, жарык дүйнөгө болгон зор сүйүүнү Данияр бүт бойдон төкпөй-чачпай Жамийлага берип, Жамийлага арнап жатты. Анан бул бакыт эмей эмне? Ошондо аларды карап, менин таң калып, алардын бактысына тилектеш болгонум ушунчалык - бир убакытта кадимки Даниярдын обондору менен келчү түшүнүксүз толкундануу жүрөгүмдү болк эттирип козгоп кетти да, көзүм ачыла түшкөндөй, эч качан күтпөгөн укмуштуу ой башыма түштү.

"Мен булардын сүрөтүн тартам!" - дедим да, алда кандай табылга тапкансып, сүйүнүп кеттим. Бирок, ошол замат өзүмдүн оюмдан өзүм чочудум: "Менин колумдан бул иш келмек беле, эмнеге элирем?" Ичимден ушуну билип эле турсам да, жанагы укмуштуу ойго алданып, кыялдын агымын токтото албадым: "Ооба, мен буларды сүрөткө тартам, так ушундагыга окшоштурам. Алар менин сүрөтүмдө да ушундай бактылуу болушат!" - деп, келе жаттым мен.Ушул кыялдарга берилип, айланамды карасам, көзүмө август түнү түркүн кубулуп жаркырап, талаа жаздын күнкүдөй гүлдөгөн өңдүү жайнады. Мен дагы өзүмдү бактылуу сезип, ойлогон тилегиме азыр эле жетчүдөй кайраттанып келаттым, көрсө анда бала экем, келечекте бул максатты орундатыш үчүн канча кыйынчылык тартып, канча эмгектене турганымды билген эмес экенмин. Андагы менин мүдөөм: Данияр обон салып ырдаганды мен боёктор менен сүрөттөп, ошондой тоо, ошондой асман, булут, жер-сууну Данияр сыяктуу көрктөп берүүдө. Бул ишке чоң өнөр керек экенин ойлобой эле, андагы менин кайгым: "Боёкторду кайдан табам? Мектептен сурасамбы, ай бере койбос, өздөрүнө керек эмеспи!" - деп жүрөм. Кептин баары эле ушунда сыяктанып, кайран балалыгым ай!Мен ушинтип келаткан арада, Даниярдын ыры аягына жетпей, эмне үчүндүр кескин үзүлдү. Мындай карай калсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып алган экен. Бирок ошол жерден чочугандай кийин боло берди да, арабадан секирип түштү. Данияр шашканынан тизгиндерди тартып, аттарды токтото калды. Жамийла тескери караган бойдон, жолдун ортосунда сендиректеп турду да, бир убакта мойнун шарт кайрып, ыйлачудай дирилдеген үн менен ачуулу айтты:

- Эмне карайсың? Эмнең бар менде? - анан тура түшүп, - караба мени, айда арбаңды, кет! - деди да, артта калган арабасын көздөй басты. Мен дал болуп, оозумду ачып калган экенмин, жеңем мени да жемелей кетти:

- Сага эмне жок эле! Түш арабаңа, делдейбей! Окшошкон макоолор, кудайдын азабына гана калган экем да силер менен! "Ой тооба, бул эмнеси экен, жин тийгенби буга?" - деп, келе жаттым мен жолду катары. Ал эми тереңирээк ойлой түшкөн адам Жамийланын чын эле кыйноого калганын бат эле түшүнбөйт беле: никелүү эри Саратовдогу госпиталдардын биринде жатса, жакында кайтып келем десе, анан оңойбу?Бирок мен мындайды ойлонмок турсун, кайра Жамийлага ызам келип, аны жаман көрүп келе жаттым, ал эми Даниярдын экинчи ырдабасын билгенимде, анын обонун мындан кийин эч качан укпасымды билгенимде, кудай билет. Жамийладан жек көргөн, андан түрү суук адам мен үчүн болбойт эле.Азыр болсо бүткөн боюм шалдырап, көңүлүм алда эмнеге иренжип, эртерээк эле кырманга жетип, саманга кулап жатсам экен деп келаттым. Араба дагы адамды кыйнап, олку-солку секирет, тизгин колдон жылбышып, жол бүгүн өңгүл-дөңгүл. Кырманга барганда эптеп аттардын каамыттарын чечип, аларды арабанын астына сүйрөп салууга алып келдим. Данияр ошол түнү аттарды жайытка өзү алып барып тушаптыр. Эртеси күнү ойгонгонумда, таң кызуу атып калган экен, ушул таң кандай таза болсо, менин көңүлүм да ушундай ачылып, жүрөгүм кубанычка толуп, алда кандай жакшылыктын келерин күткөнсүп туйлады. Адегенде эмнеге сүйүнүп жатканымды билбей, анан кечээ күнкүнү эстеп, ого бетер сүйүнүп кеттим, "Окшоштура алар бекем!" - деген күмөн ой муздак көлөкө сыяктуу бүткөн боюмду чыйрыктырды. Көзүмдү жумуп элестеттим эле, кечээ күнкү көрүнүш тим эле дапдаана, азыр эле сүрөткө тарта койгондой көз алдыма келди. Ордумдан тура жүгүрүп чоң сууга бети колумду жуудум да, сайда тушалган аттарды көздөй чуркадым. Эртең мененки шүүдүрүм муздак беде, туурулган балтырларымды тызылдатып, шыйрактарга чапкылады. Бирок мен үчүн ал кеп эмес. Кыраркадан кылтыйып келе жаткан күндү тосуп алчудай кубанычтуу кыткылыктай, жан-жанымда болгондорго көз салып, чуркап бара жаттым: Мынакей арыктын кашатында кодура чыккан сары баш күн карама, алыста төгүлүп келе жаткан күндү көздөй созулуп, боюн оңдоодо. Аны тегеректеп ак баш мыялар курчап алган, бирок жаш кодура аларга моюн бербей, күндүн шооласына алардан мурун озунуп, сары гүлдүү башын койкойтуп, күн нурун шимирет. Мынакей, арабалар өтчү арыктан, дөңгөлөктүн жибиген изи менен суу сызылып, эңкейиш бетке жайылган. Ошол суу тийген жер менен чатырман жалбыз дүркүрөп, жыт аңкытып буруксуйт. Олдо, айланайын тууган жерим ай! Мен чуркасам талаадагы чабалекейлер дагы кошо жарышып, жан жанымдан зыпылдап учушат." Чиркин, сүрөтчү болсом, ушул эртең мененки күндү, ак ала көгүш тоолорду, эртең мененки шүүдүрүм жашыл бедени, арыктын кашатындагы сары гүлдүү кодура күн караманы сүрөткө тартсам, кандай сонун болор эле!" Бирок кырманга кайра келгенимде, менин бул алтын кыялдарым, күл сапыргандай сапырылып жок болду. Анткени, Жамийла өткөн түнү уктабаса керек, көздөрү шишип, жаагы ичине тартылып, кабагы бүркөлүп ачылбады. Мага ал эчтеке деген жок, караган да жок. Бир убакытта бригадир Орозмат кырманга келип калды эле, атынан түшөр замат, Жамийла анын жанына басып барды да, учурашпай туруп, түрсөсүнөн айтты:

- Арабаңызды алыңыз! Кайда жиберсеңер мейли, бирок стансага эгин ташыбайм!

- И, сага эмне болду, Жамалтай, сайгак тийдиби? - деди Орозмат, аны эркелете күлүмсүрөп.

- Сайгактын менде акысы жок! Барбаймын дедим болду, айтканым айткан! Орозматтын өңү сустая түштү:

- Айтсаң айтпасаң да ушул: Стансага араба айдайсың, башка кеп жок! - деди ал балдагын калчылдатып, жерге күч менен тык коюп.- Эгер бирөө тийген болсо айт азыр, балдакты башына ойнотом, жок андай эмес экен, - жөнө ишиңе! Эгин меники эмес, аскердин эгини, өзүңдүн эриң дагы ошол жакта! - бригадир турган жеринен шарт кайрылып, балдакты арыштата секирип, четке басып кетти.Жамийла жооп кайтара албай эле, колундагы камчыны кармалап, кылмышы бардай кызарып туруп калды. Бери жакта турган Даниярды көргөндө, ал ичинен билдирбей оор үшкүрүндү. Данияр аттарын арабага кошуп жаткан. Ал жанагы сөздөрдү укканы менен, сыр алдырган жок. Болгондо, тескери карап, камыт боолорду жулкуй тартып, байлап жатты. Жамийла дагы бир аз кырмандын ортосунда жалгыз турду да, анан "эмне болсо ошо болсун" дегендей колун шилтеп таштап, арабасын көздөй басып кетти.Ал күнү айылга биз күндөгүдөн эрте кайттык. Анткени, бара жатканда, келе жатканда да, Данияр аттарды тындырбай айдап эле жүрүп отурду. Жамийла да кабагы тырчыгып көңүлсүз. Мен болсом какыраган боз талааны көрүп, өзүмө ишенбей жаттым: кечээ күнкү түркүн кубулуп гүлдөгөн талааны жомоктон уккандай эле болуп калыптырмын. Кечээ күнкү көрүнүш, кечээ күнкү Жамийла менен Даниярдын арабада отургандары көз алдыма эле туруп алды. Турмуштун эң бир жаркыраган, көрктүү учурун куш кармагандай колума кармап алгансып, ошол көрүнүш эстен кетпей, тынчымды алды. Акыры, ойлогон максатыма жетмейинче жаным тынбады. Кырмандагы эсепчинин бир барак актай калың кагазын уурдап алып, саман маянын артына жашынып, кагазды эгин сапырган күрөктүн үстүнө койгонумда, жүрөгүм атырылып кетчүдө дүкүлдөп, оозума капталды. Атам мени биринчи жолу ат үстүнө мингизгендегини туурап:

- Быссымылда! - дедим да, каламды кагазга тийгиздим. Адегенде Даниярдын штрихтерин белгилей баштадым. Анда бул, көп мыкты да эмес жаңы үйрөнгүч штрихтер эле. Бирок ошондо мен тарткан Даниярдын түз-келбети өзүнө окшой баштаганда, көңүлүп алып учуп эле, кайда экенимди, эмне кылып жатканымды унутуп салдым. Ошол мен көргөн август түнү, кубулуп жайнаган кең талаа, кагаз бетине көчүп келгенсип, Даниярдын ошондой шаңшып обон салганы кулагыма угулуп жатты. Көз алдымда солдат көйнөгүнүн жакасы кере жакжайган Данияр менен ага бой салып, ыктап отурган Жамийла. Бул сүрөт менин алгачкы жолу өз алдымча тарткан сүрөтүм: мына арабанын кыры, мына жанаша отурган Данияр менен Жамийла, тизгиндер алдыда бош ташталып, аттардын жондору караңгыда термелет, андан нары түнкү талаа, алыскы жылдыздар. Мунун баарын ушунчалык берилип тарткан экенмин, бир убакытта эле так төбөмдөн бирөөнүн ачуулу үнү чыкканда эсиме келдим. Карасам Жамийла экен:- Сен эмне, тилиң дудук, кулагың дүлөй болдубу? Көрсө, ал мени издеп жүрүптүр, шашканымдан сүрөтүмдү беките албай калдым.

- Буудайды алда качан эле жүктөп, эт бышымдан бери кыйкырабыз, кыйкырабыз, же бир үн берсең боло... Алдагы колуңдагы эмне? - деп Жамийла сүрөттү менден тартып алды.

- Ой, шумдугуң кур! Дегеле... - деп барып, иреңи бузулуп, кагазды телмирип эле тиктеп калды. Ай, менин ошондогу уялганым ай! Төрт шыйрагым өлбөгөн эле жерде калды! Жамийла сүрөттү карап турду да, бир убакытка жаш чайып, муңдана түшкөн көзүн өйдө көтөрдү:

 - Мага берчи муну, кичине бала! - деди ал акырын гана. - Мен эстеликке сактап коёюн...Жамийла баракты эки бүктөп, койнуна салып алды. Биз жолго чыгып, айылдан бир топ узап кеткенче, мен өз калыбыма толук келе албай жаттым. Жүрөгүмдү терең козгогон көрүнүштү чын эле өзүнө аз да болсо окшоштуруп сүрөткө тартканым аныкпы, же бул түшпү деп күмөн санадым. Ошентсем да, жанагы тарткан сүрөтүмө ичтен мактанып, ошого өпкөм көөп, тимеле бир укмуштуу кыялдар башымды айландырып, жакында мен боёк тапсам, толуп жаткан сүрөттөрдү тартып, мектепке илип коём деп жаттым. Көрсө, мындай кыялдар ошол балалык чакта эле болууга мүмкүн экен. Аны менен ишим жок, жол оңуту ылдый болгону менен, өтө эле катуу кетип бара жатканыбызды да ойлоп койбойм. Андай дегеним, алдыда араба айдаган Даниярдан калбайлы деп эле, улам аттарды ылдамдата келе жаттык. Кийинки кезде Данияр ар качан арабасын катуу айдап жүрө турган болду, аттары да бат эле эттен түшүп калды.Жамийла Даниярга удаа келе жатты.

Жол катары ал эки жакка каранып, кээде кандайдыр айыптуу немедей, аянычтуу немедей жылмайып коёт. Анысын көрүп, мен дагы жылмаям, менин ойлогонум: "Сүрөт тартып, жеңемдин бая күнкү ачуусун жазып, көңүлүн ачкан экенмин. Жеңем эми Даниярды ырда десе, ал сөзсүз ырдайт... Демек бүгүн Даниярдын обонун тыңшап көңүл толкуп жыргаймын... Кандай сонун жыргал, бүгүн Данияр ырдайт экен, ооба, ырдайт - ырдаса экен!" Бул жолу станцияга биз абдан эле бат келдик, бирок аттарыбыз кара терге түшүп барды. Тараза бош экен, арабадан түшөр замат Данияр каптарды ташый баштады. Ал кайда шашылып, эмнеге мынча капалуу болгонун ким билсин, айтор, унчукпай эле түктүйүп жүрдү. Поезддер нары-бери өткөндө Данияр токтой калып, аларды артынан көпкө чейин узата карап, алда эмне оюна келгендей түнөрүп жатты. Жамийланын ансайын тынчы кетип, Даниярдын оюнда эмне бар экенин билгиси келгендей, ал дагы Данияр караган жакты тигилип карап калат. Бир убакытта Жамийла арабанын жанына барып, Даниярды өзүнө чакырды:

 - Бергелчи Данияр, кашка аттын такасы шылкылдап калыптыр, жулуп таштачы, кармап берейин! Данияр аттын туягын эки тизесинин ортосуна кысып, таканы жулуп алып өйдө боло бергенде, Жамийла аны карап, акырын гана айтты:

- Сен эмне эчтеке түшүнбөйсүңбү? Же менден башка кыз-келин түгөнүп калыптырбы. Данияр ылдый карап унчукпады.

 - Болбосо мага эле оңой дейсиңби? - деди Жамийла, үшкүрүп алып. Даниярдын каны селт этип өйдө боло берди да, ал Жамийланы муңайыңкы эркелете карап, бир нерсе айткандай болду, бирок мен укпай калдым, анткени атты ооздуктан кармап турат элем, ат ошондо башын силкип алды. Данияр болсо бир нерсеге ыраазы болгондой, колундагы таканы сылап, нары четке басып кетти. Менин таң калганым: "Жамийла айткан сөздөрдүн ага эмнеси жакты? Мисалы, бирөөгө: "Мага эле оңой дейсиңби?" - деп бирөө үшкүрүп айтып турса, анын эмнеси жакшы?" Каптарды ташып бүтүп, биз кайра жөнөгөнү жатканда, жонунда асма кабы бар, уйпаланган эски шинелчен бир арык жарадар солдат короого кирип келди. Ошондон бир аз эле мурун, станцияга эшелон келип токтогон. Жанагы солдат эки жагын каранып, кубанычтуу күлүңдөп турду да, бир убакытта:

- Күркүрөө айлынан ким бар? - деп кыйкырып жиберди.

- Менмин Күркүрөөдөн? - дедим.Солдат сүйүнүп кетти:

- Сен кимдин баласы элең, иничек?Ал аңгыча болбой Жамийланы көрө салып, делдейип эле туруп калды.

- Керим сенсиңби, - деди кубанып кеткен Жамийла.

- Ой, Жамийла карындашым! - солдат Жамийлага жүткүнүп барып, эки колдоп учурашып калды.Көрсө, бул Жамийланын кабырга тууганы болгон айылдашы экен.

- Мына десең, бул жерге тимеле билгендей кайрылып келген турбаймынбы! - деп жаны калбай жатты, - анан Садыктын жанынан чыкканыма беш күн эле болбодубу, госпиталда бирге жаттык, куда кааласа ал дагы бир-эки айда үйгө кайтып калар. Быякка жөнөрүмдө келинчегиңе кат жаз, өз колум менен өзүнө тапшырайын деп, кат жаздырып алгам... Деги... жакшы болбодубу, мынакей аманатың, ыйык парсымдан кутулайын! - деп кобураган бойдон, солдат шинелинин ичинен үч бурчтук катты сууруп чыкты. Колунан жулуп алгандай эле Жамийла катты өзүнө тартып алды да, сүйүнгөнү ушунча болдубу, же уялып кеттиби, адегенде кыпкызыл болуп албырып, анан купкуу болуп туруп алды. Ай, жүрөк деген курусун, мына ушул учурда да Жамийла акырын гана көзүнүн кыйыгын салып Данияр жакты карады. Жамийлага армандуу карап Данияр арабанын жанында өзү жалгыз туруптур. Баягы кырмандагыдай же элге басып баралбай, же четке басып кетпей, жалдырап эле Жамийланы тиктеп калыптыр. Аңгыча туш-туштан жүгүрүп келишкен кишилер солдатты тегеректеп алып, кээси тууган, кээси айылдаш чыгып, учурашып, сурашып калышты. Жамийла айылдашына ракмат деп да айтып жетишкенче болбой, Даниярдын арабасы андан-мындан бир тийип, атырылган бойдон короодон жулунуп чыкты да, чаң уютуп жолго түштү.

- Ой, буга жин тийгенби? Сообу? - деп кыйкырып калышты анын артынан. Солдатты да туугандары бир жакка ээрчитип кетишти окшойт, короонун ортосунда жеңем экөөбүз эле калыптырбыз. Даниярдын арабасы көздөн кайым болгончо, алыста кайнаган чаңды карап турдук.- Жүр, жеңе үйгө кетели, - дедим мен.

- Кете бер, мени эмне кыласың! - деди Жамийла. Мына ушинтип, биз биринчи жолу бир-бирибизден бөлүнүп, ар кимибиз өзүбүзчө жолго чыктык.Талаа үп болуп, демигип турган экен. Жерден көтөрүлгөн ысык тап эриндеримди кеберситип, таңдайымды кургатып жатты. Чаңкайган асмандагы күн жерди көөрүккө салгандай эртеден бери өрттөп жатты эле, азыр кечке жуук какшыган жер бетин туздуу шор каптады. Ошондой эле туздуу бозомук алыскы белеске түшүп, көлкүлдөгөн күн туманда чайпалгансып, мунарыктап батып бара жатты.Белестин үстүндөгү кызыл сур булутчалардын асманда уюган кара жылан сыяктуу түрү сүрдүү. Кээде керимселдин оор толкундары келип, аттардын таноолоруна ак шор ширетип, чаңыган жал-куйругун жайбаракат оодарыштырып, жол боюндагы шыбактардын баш-башын ыргап жылжып келет." Бул эмнеси, жаан болобу?" - деп жаттым мен. Ошондо жүрөктү сыдырган жалгыздык ичимди аңкылдатып, алда эмнеден коркконсуп, аттарды тындырбай айдап отурдум. Мен гана эмес, узун шыйрак тоодактар да бир нерседен чочуган өңдүү элтеңдешип, чий аралап коктуга жашынышты. Курмушунун үзүндүлөрүндөй карайган төө жалбырактын сыныктарын шамал Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын! .. Керек эмес, түштөн кийинки сүйүүсү өзүнө буюрсун! Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! Жалгызым, секетим, эч кимге сени ыраа көрбөйм!.. Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм... Мына эми сен да мени издеп келдиң! Жашыл-ала көгүлтүр чагылгандар ийме-чийме сынып, жардын артына сууга түшүп жатты. Андан-мындан тийип, саманды чаба черткилеп, жаандын алгачкы тамчылары дыбырай баштады.

- Жамийлам, жаным-калкатайым, кызыл гүлүм, Жамалтай! - деп Данияр кыргыз менен казакта болгон эң назик аттарды сүйгөнүнө арноодо. - Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлогом! Көрсө, менин сүйгөнүм тууган жеримде тура! Көрсө, ал сен экенсиң, Жамийлам, кызыл гүлүм!

- Бүркүтүм! Шаңшыган бүркүтүм! Бери болчу, көзүңдү көрсөтчү! О, шаңшыган бүркүтүм! Жаан күчөп келди. Шамал учурган үйдүн үзүгү, кулаалы канат каккандай далбаңдап жулунду. Бирде кыйгачынан, бирде тик куюлган нөшөр жерди сагынгандай үстү-үстүнө өпкүлөп, асмандын каптал-капталынан көчкү жүргөнсүп күн күркүрөдү. Кызгалдактын жазгы өртүндөй, жалын алган чагылгандар тоо боорлоп, төш-төшкө жайнады. Жаан күчөй берди, мен болсом саманга көмүлүп, так колтуктун астында тикилдеген жүрөктү сезип жаттым. Ушул учурда менден бактылуу, менден таалайлуу эч ким болгон эмес чыгар.

   Көптөн бери сыркоолоп бүгүн эшикке чыкканда, асманда жаркыраган күндү көргөнсүп, жер үстүндө жашоонун өзү канчалык жыргал экенин билгенсидим. Жаан да, чагылгандардын жарыгы да, самандын астында жаткан жериме жетип жатты, бирок мен андан жүдөп жыйрылган жокмун. Көзүм илинип бара жатып, өзүмчө эле күлүңдөп жаттым: кулагыма чалган эмне болду экен, - Жамийла менен Даниярдын шыбырашканыбы, же бастап келе жаткан жаандын саманга шыртылдап тийгениби? "Мына эми күн жаай берет, күз келет!" - деп жаттым мен өзүмчө. Чын эле күздүн кабарчысындай болуп, нымдалган саман менен кыярган эрмендин кеч күздөгүдөй жылуу деми мурунга келип жатты.Ал эми күзүндө биздин тагдырыбыз кандай болорун эмне үчүндүр ойлобоптурмун.

 * * *

  Ушул күз эки жыл үзгүлтүктөн кийин, мен кайра мектепке жүрө баштадым. Сабактан кийинки бош убакытта баягы суу боюндагы жер үстүнө барып жүрдүм. Кырман ал кезде аңкылдап, ээн калган. Бул жерде мен мектептен алган боёктор менен өзүмдүн биринчи этюддарымды, сүрөтчөлөрүмдү тарттым. Андагы сүрөтчөлөр анча деле жакшы болбосо керек, анткени, ошондо эле мага көп жакчу эмес. "Боёкторум начар көрүнөт, - деп ойлочумун ичимден. - Атаңдын көрү, чыныгы боёк тапсам, кандай сонун болор эле!" Ушундай дегеним менен, ошол чыныгы боёктор кандай болорун өзүм да билчү эмесмин. Тээ кийинчерээк гана сүрөтчүлөр колдонгон тюбиктеги сыкма боёкторду биринчи жолу көрүүгө туура келди.Боёктор го боёк болсун, бирок мугалимдердин да айткандары туура болуп жатты окшойт: сүрөтчү болуш үчүн сүрөтчүнүн өнөрүн атайлап үйрөнүш керек, анын окуусун окуш керек. Бул акыл чеки болбогону менен, окуу жөнүндө менин үмүтүм да жок эле.Окуу кайда: агаларым ошол бойдон дареги жок жатса, анан эки үйдүн жалгыз бел байлар жигитин энеси окууга жиберчү беле. Муну билип, мен унчукчу да эмесмин. Бирок ансайын окууну эстеп ичим күйчү, анын үстүнө ошол жылкы күз өзгөчө көрктүү болду. Колдон өнөр келсе, көргөнүңдүн баарын тартсаң эле, өзүнчө сүрөт боло тургандай. Аттигиң, ошондогу күз ай!Күркүрөөнүн суусу тартылып, көк кашка болуп тунган. Суунун астында бөгөлгөн баягы казандай таштар эми сыртка чыгып, алардын үстүндө жапжашыл, сапсары тукаба өңдүү эңгилчектер оюу жүргүзгөн. Эртең мененки үшүктө  бадалдын жылаңач чыбыктары назик кызарып, жапайы терекчелер күндөн-күнгө түрдөнүп кыярууда. Жайы менен жайлоодо түтүнгө ышталган жылкычылардын үйлөрү азыр чоң сайдын буурул тарткан чабындысында тигинде-мында карайып, ак элечек, ак көйнөк кийгендей түтүндөр чамгарактап этек-жеңин чубалжытып, той тойлогон аялдардай айылма-айыл көйкөлүшөт. Тегеректе жылкы жайылып, бет-бетинче басып кеткен үйүрүн чогулта албай, тынчы кеткен айгырлар элтеңдешип азанашат, - жазга чейин эми ушунусу ушул: бээлер оңой менен үйүргө токтобойт. Тоодон түшкөн мал сары сойгок жапырып, аңыз-аңызда жүрөт. Күзгү талаанын бети изден чыбыр-ала. Күз ушинтип эле жакшылыгын алып туруп алган жок. Көп кечикпей кара жел жүрдү, асмандын иреңи бузулуп, кар аралаш жаан башталды. Аптасына көз ачырбаган жаан, бир күнү басаңдап токтогондон, мен Күркүрөөнүн жээгине бардым, - нары таштак аралчада жылгын менен чычырканактын арасындагы бир түп тоо четин жалбырттап күйгөн оттой болуп, сүрөткө эле "суранып" туруп алды.Жээкте бадалдын арасында сүрөт тартып отурат элем, кеч кирейин деп калган, бир убакытта башымды өйдө көтөрүп, наркы өйүзгө суу кечип өткөн эки кишини кокус көрө калдым. Алар Данияр менен Жамийла экенин дароо тааныдым. Эмне үчүндүр алардын жүздөрү чочулап сактангандай сүрдүү эле. Данияр адатынча демите арыштап, аттаган сайын, анын топчуланбаган шинелинин этектери, эскиилиги жеткен солдат өтүгүнүн кончторуна шартылдата урунуп келе жатыптыр. Жамийла болсо, аппак жуулган жүн жоолугун салынып, үстүнө базарга кийчү кызыл-ала гүлдүү көйнөгү менен чий баркут чапанын кийип алыптыр. Бир колунда көтөргөн түйүнчөгү бар, экинчи колу менен Даниярдын асма баштыгын карманып келе жатыптыр. Экөө кез-кез бир нерсени сүйлөшүп коюшат.Булар биздин айылды таштап, бир жакка кетип бара жаткандарын түшүнгөндө, ичим тыз этип куйкалана түштү.Тигине, ал экөө коктудан өтүп, чий аралап жөнөштү, а мен шалдайган бойдон алардын артынан карап, эмне кыларымды билбей калдым. Үндөйүн десем, тилим таңдайыма жармашып калгандай. Тоо кыркалап ээрчишкен булуттарга күндүн кыйыр нурлары акыркы жолу бир тийип, жерге күүгүм түштү. Айлана бат эле караңгылай баштады. Данияр менен Жамийла артына карабай темир жолдун разъездин көздөй ылдам басууда. Алардын караандары улам алыстап отуруп, бир аздан кийин чийдин арасынан көрүнбөй калды.Мен мына ошондо гана эсиме келдим.

- Жамийла-а-а- а! - деп, күчүмдүн бардыгынча кыйкырдым. Томсоргон талаанын үстүнөн: "а-а-а!" - деген жалгыз жаңырык көпкө созолонуп, муңканып басылды.

- Жамийла-а-а! - дедим мен, дагы бир ачуу кыйкырып, анан турган ордумдан атырылып тигилердин артынан жүгүрдүм. Сууну суу дебей, өтүкчөн, кийимчен бойдон түз эле сууга салганымда, тызылдаткан муздак чачырандылар бетиме, бүткөн боюма жабыла берди. Ага да карабай, дагы күчөп чуркадым. Бир убакытта бутум бир нерсеге чалынып кетти эле, күү менен барып бет алдымдан жерге жыгылдым. Ошол бойдон, башымды өйдө көтөрбөй, бетимди мыкчып, өксүп-өксүп ыйлап жибердим. Астымдагы нымдуу топурак жыттанган жер, колумду, бетимди муздатып, кеч караңгысы жонума салмагын салгандай, өпкөм кысылып, чийлер менен кайгымды бөлүшүп, жан-жанымдан муңканып ышкырып жатышты. Жана Жамийланы кыйкырган үнүм дагы эле томсоргон талаанын үстүнөн жаңыргансып, кулагымдан кетпейт.

- Жамийла, Жамийла! - деп, жаш балача шолоктоп, мен өзүмдүн эң жакын көргөн кымбаттуу кишилерим менен коштошуп жаттым. Мына ушунда гана, жерде ыйлап жаткан учурумда, мен өзүм дагы Жамийланы сүйгөнүмдү түшүндүм. Ооба, балким бул балалык кездеги менин эң таза, наристе сүйүүм болгон чыгар! Бетимди көз жашыма сууланган жеңиме катып, дагы көпкө чейин ыйладым. Көрсө, мен ушул учурда, жеке эле Жамийлалар менен коштошпой, өзүмдүн балалык чагым менен дагы коштошуп жаткан экем.

Караңгыда темселип үйгө келгенимде, биздин короодо дүрбөлөң түшүп, кимдир бирөөлөр ат токуп, шашылышып жатышкан экен. Осмон зөөкүр болсо адатынча мас, колуна союл кармап, тепсетип кетчүдөй атын жулкунтуп бакырат:

- Ой, мен айтпай жүрдүм белем! Мына эми, бүт Олжобай атасына шермендечилик болбодубу? Бол аттангыла, жеткен эле жерден тентиген ит чала казакты жыга чаппасам атым өчсүн, мейли он жыл мойнумда, бирок, көрүнгөнгө Олжобайдын катындарын талоонго бербейбиз. Аттан жигиттер, кеттик! Кайда узайт дейсиң! Куугун кайсы жакка ат коёр экен дегенимде, жүрөгүм шуу деп, муздай түштү. Эмне кыларымды билбей, айылдын сыртына чейин атчандардын артынан жүгүрүп отуруп, алардын разъездди көздөй эмес, станцияга кетчү чоң жолго түшкөнүн көргөндө гана жаным тынчыды. Анан үйгө келдим да, ыйлаганымды эч кимге көрсөтпөй, атамдын тонуна оронуп алып, чүмкөнүп жаттым.Ушундан кийин айылда канча кеп-сөз, канча ушак-айың болду. Аялдардын баары эле Жамийланы жамандашып жатты:

- Акмак да! Болбосо ким эле өзүнүн ырысын тебелеп, тентиген мусапыр менен ээрчип кетсин!

 - Ошону айт жеңе! Эмнесине кызыкты дейм да! Жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси деле жок эле го!

- Анан эмне, короо-короо малы бар беле! - деп, дагы бирөө коштой чыгат.

- Үйү жок, жайы жок тентиген неме да! Мейли, өз убалы өзүнө, тим кой өкүнүп бармагын тиштер, али... Көрөрбүз, ошондо ал сулуусунган немени!

- Тооба, Садыктан артык эрди ал кайдан тапмак эле?

- Аны айтасың, кайненесичи? Ошондой, пайгамбардай болгон кайненени кайдат табат экен ал! Өз шоруна өзү түкүргөн арам, мейли! Мүмкүн, жалгыз мен гана өзүмдүн мурунку жеңемди жамандабай анын кылганын туура деп тапкандырмын. .. Даниярдын эски шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүн мындай коюп, ал өзү ким экенин, анын ички байлыгы канчалык зор экенин, мен билбегенде ким билет. Жамийла Данияр менен ээрчип кетип, таалайсыз болот деген кептерге мен эч бир ишенмек турсун, кайта, ал анык таалайын эми тапты деп ишенем. Болгондо, ушул апам үчүн катуу капа болдум. Жамийла менен кошо анын күч-кайраты, билгичтиги кеткендей апам өзүнөн өзү эле кайгыланып, эңшериле түштү. Жарыктык, турмуштун агымы кээде ушинтип өзүнүн эски нугун талкалап, чукул жерден жаңы багытка бет ала тургандыгын түшүнгөн эмес окшойт. Мисалы, чоң карылуу теректи бороон тамыры менен омкоруп кетсе, ал экинчи тура келбейт да... Апам дагы ушул сыяктуу: мурунку күчүнөн тайганы ар бир кыймылынан байкалып калды.

Башта ал ийнесин эч кимге саптатчу эмес, намыстанып жаман көрчү. Бир күнү үйгө кирип келсем, апам ийненин көзүн таба албай жарыкка шыкаалап, ыйлап отуруптур.

- Ме, жип өткөрүп берчи! - деди ал ийне-жипти калчылдаган колу менен сунуп жатып. Анан оор үшкүрүк түтөттү да, жашын сыгып жатып, өзүнчө сүйлөндү. - А-а, шордуу келиним ай, эчтекеден эчтеке жок кор боло турган болдуң ээ... Ушул бойдон колдо жүрсө не деген гана киши болор эле... Кайран Жамийла... Өзүңдү өзүң өлтүрдүң... Чандың бизди, кеттиң... Эмне үчүн кеттиң... Биздин үйдө эмнеден кем болдуң элең?.. Шордуу Жамийла... Апамдын ушинтип отурганын көрүп, сай-сөөгүм сыздап кетти. "Жок, апа, ал шордуу эмес!" - деп кыйкырып жибере жаздап, токтолдум. Апамды кучактап алып Данияр деген кандай киши экен, мен аны кандай жакшы көргөнүмдү айтып берип, буркурап ыйлагым келди. Бирок бул сөздөрдү мен кайсы бетим менен айтат элем: өмүрү өткөнчө апамдын көңүлүндө муң калбайт беле.Ошентсем да, менин бул күнөөсүз "кылмышташтыгым" билинбей калган жок.

Арадан көп өтпөй Садык үйгө кайтып келди. Чынын айтканда, сыртынан байкатпаганы менен ал абдан эле намыстанып, ичи күптү болуп жүрдү. Ырас, Осмондор менен ичкилик үстүндө отурганда оозун көптүргөнү бар:

- Атасынын көрү, кетсе кетсин! Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороёт да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей... Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык.

- Аның го туура, - деп Осмон жооп бере турган. - Бирок ошондо бир колума тийбеди да кап: тигинисин селейте чаап, беркисин чачтан атка сүйрөтөт элем! Алар болжолумда, Түштүккө кетишти го, пахтага, болбосо, казакта тентип жүргөндүр, тигиге көнүмүш эмеспи башынан... Эми бир таң калган жерим; ушул ишти эч ким билбейт, эч ким байкабайт, кандайча болгонун сезбей да калдык... Жанагы бураңдаган канчыктын арамзалыгы, жигин билдирген жок, болбосо го аны!Мындай сөздөрдү укканда, каным кайнап, муштумдарым түйүлчү. Алым келсе, ушул Осмондун бетине түкүрүп айтар элем: "Баягы чөп чабыкта болгондор эсиңден чыкпай жүргөн экен ээ... Болбосо, анык арамза, анык бузулган зөөкүр сенсиң!" - дээр элем.Бир күнү үйдө отуруп, мектептин дубал газетасы үчүн сүрөт тартып жатат элем, апам да мештин жанында от жагып отурган, бир убакытта эшик шарт ачылып, үйгө купкуу болуп сурданган Садык акем кирип келди. Ал мени көздөй жулкунуп басканда, желбегей жамынган шинели жерге учуп түштү.

- Муну ким тарткан? - деп, ал чоң барак кагазды бетиме сунду. Кагаздагы сүрөттү көргөндө үрөйүм учту: бул менин баягы кырманда Данияр менен Жамийланы калам менен тарткан сүрөтүм экен. Алар мени ошол учурда тике карашкандай болушту. Олдо Жамийла ай, муну кантип таштап кетти экен? Үйдүн бир жерине бекитип коюп, ошо бойдон унутуп калган го!..

- Мен тарткан элем! - дедим мен.

- Булчу, бул ким өзү?

- Данияр.

- Бузукусуң сен! - калчылдаган Садык акем сүрөттү майда-майда кылып тытты да, жерге тебелеп, эшикти шарт жаап, сыртка чыкты.Үйдүн ичин көпкө тунжураган, сүрдүү тынчтык бийледи.

- Сен билчү белең - деп, сурады бир убакытта апам.

- Ооба, билчүмүн. Апам мешке жөлөнө калып мени ушундай кыжаалат болгон көз караш менен телмирип тиктегенде, биротоло чабар бармакты чабайын деп:- Мен алардын сүрөтүн дагы тартам! - дедим.Апам унчуккан жок, башын кайгылуу чайкап төмөн түшүрдү. Жерде тытылып жаткан сүрөттү карап, ичимди өрттөп куйкалаган ызага чыдабай жаттым, - мейли мен биздин үй-бүлө, биздин уруу үчүн "бузуку" болоюн, бирок адамдык чоң чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоң чындыгына мен акыр-акырына чейин адилеттүү болгом. Менин мына ушул ак ниеттүүлүгүмдү эч ким билген эмес, аны элге айтууга да болбос эле, анткени башкалар түгүл, жанымдай көргөн өз энем да мунун маанисин түшүнө бербес эле.Апам унчукпай отура берди. Жанагы ыза болгонума көзүмө жаш имериле түшкөн окшойт, жерде чачылган сүрөттүн үзүндүлөрү айланпа сууга аккансып, каалгып жатты. Жана Данияр менен Жамийланы сүрөттөн тирүү сыяктуу көргөн учур мээме ушунчалык кадалган экен, көз алдыма баягы август түнүндөгү гүлдөгөн талаа келип, Даниярдын от менен жалын алып шаңшыган обону кулагыма угулгансып жатты. Жамийла менен Даниярдын ошондогусун эстеп, муңайыңкы жылмайып отурдум.

Алардын айылдан кеткендегисин эстегенде жүрөгүмө кайрат толуп, мен дагы ошолор сыяктуу өз таалайым үчүн кыйын жолго чыгууга тайманбай бел байладым.

- Мен окууга кетем! - дедим мен апама. - Сүрөтчү болгум келет, сүрөтчүнүн окуусуна барам, атама да ушуну айтып кой...Бул сөздү  айтканымда, апам азыр согушта болгон агаларымды эстеп, буркурап ыйлайтко деген ой менен, өзүмдү ошого чыдагандай кайраттандырдым. Бирок, бакытка жараша, бул жолу апам көзүнөн таруудай жаш чыгарган жок, болгондо өтө катуу кейип айтты:

- Мейлиң, барсаң өзүң бил.. Темир канат болгон соң, ар кимиңер өзүңөрчө канат шилтеп калбадыңарбы. .. Биз кайдан билели, балким, силердики чындык чыгар, балким, алыска чабыттап учарсыңар... Азыркы заман эми ушундай болбодубу... . Окууңа барсаң өзүң бил... Балким ошол жакка барганда, сүрөт тартып чиймелеген кесип эмес экенин билерсиң... Үйүңдү, ата-энеңди унутпа, бар сураганым ушул...Ушул күндөн тартып кичи үй өзүнчө бөлүнүп кетти. Мен болсом көп кечикпей окууга жөнөдүм. Сүрөтчүлөрдүн мектебин бүтүрүп, Ленинграддагы академияга өнөрүмдү улантыш үчүн дагы окуганы барганда, мен өзүмдүн дипломдук ишимди тапшырдым. Бул дипломдук иш - көптөн бери ниет кылып, жүрөгүмө сактап жүргөн сүрөт эле.Албетте, силер бул сүрөттө Данияр менен Жамийла тартылганын дароо эле сезген чыгарсыңар. Ооба, менин ал сүрөтүмдө күзгү кең талаа менен кеткен жолдо, топчуланбаган шинели жакжайып, алдыга утурлап баскан Данияр менен анын жанында асма баштыгын карманып, кубанычтуу келе жаткан Жамийла... Алардын бет алды Данияр ырдаган уч-кыйыры жок көйкөлгөн жарык мейкиндик... Бул жарык мейкиндикте кимдер Жамийла менен Даниярча таалайлуу болбос!..

Ырас, менин сүрөтүм бардыгынан мыкты тартылган деп, айталбасмын, чебердик бара-бара эмгек менен келет эмеспи... Анткени менен, бул сүрөт мен үчүн дүйнөдө эң кымбаттуу зат, анткени жүрөктүн эң асыл, алгачкы жалынын мен ушул сүрөткө бергенмин. Мына эми бир топ тажрыйбалуу болсом да, кээде иштегеним ойдогудай чыкпай калат, ошондо өз күчүмө ишенбей күмөн санаган оор учурлар болот. Андай учурларда менин жүрөгүмдүн дабасы - сүрөттөгү Данияр менен Жамийла, алар көзүмө ушундай ысык көрүнүп, мени өзүнө тартып тургансышат. Ошондо сүрөттү карап, Данияр менен Жамийладан көпкө көз айрыбай, алар менен ой бөлүшүп, көзмө-көз сүйлөшөм: "Кандайсыңар силер азыр, кайсы жолдор менен кетип бара жатасыңар?" Биздин жерде мындай кең талаа, мындай жолдору көп: Казакстандан тартып, Алтай менен Сибирге чейин ачык мейкиндик! Бул ачык мейкиндикти, ушул мейкиндиктей зор эмгекти сүйгөн азаматтар жаңы жерлерде, жаңы турмуш куруу үчүн аттанышты! Балким, силер дагы ошол жакка кеткен чыгарсыңар! Анда сапарыңар ачык болсун!.. Жамийла, менин алтын Жамийлам, сен кеткенде, башыңды бийик көтөрүп, кылчайбай, тайманбай кең талаа менен кеткенсиң...
Азыр да ошондойсуңбу, азыр да жол баскандан талыбайсыңбы? Же чарчаган күндөрүң болобу, жаным Жамийла? Же өз күчүңө ишенбей күмөн санаган күндөрүң болобу, гүлүм Жамийла. Эгерде андай болсо алсыздыкка берилбе, Даниярды медер кылып, жөлөн! Ошондо Данияр баягыдай сүйүү, жер жарык дүйнө, турмуш жөнүндөгү деңиздей төгүлгөн жалындуу обонун салып берсин! Ошондо көз алдыда кең талаа гүлдөп, биздин август түнүндөгү чагылгандуу добул төгүп берсин! Коркпо, Жамийла, алыс жолдон, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба! Жол менен баскандарды карап, мен алар менен сырдашам. Тигине, Данияр обон салып шаңшыды, демек, ал Жамийла экөө мени жолго чакырышат. Ооба, мен жолго чыгышым керек! Ооба, жайкалган кең талаанын жолун басып мен өзүмдүн айлыма барам! Туулган-өскөн жер - күч кубатым! Мен андан жаңы түркүн боёк табам. Сүрөт тарткан боёктун ар бир сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!


آچار سؤزلر : تورک دونیاسی, قیرقیزجا, تورکی دیللر,